Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-июну № 119
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - УИА) укуктук негиздерин жана финансылык камсыздоосун аныктайт, анын ишинин багыттарын жана кепилдиктерин, фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарын координациялоонун негизги принциптерин жана анын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштерди жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүсүнүн негизги принциптерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам фундаменталдык жана колдонмо илимдерди илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасын экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүүнүн негизи катары өнүктүрүүгө, академиялык илимди республиканын илимий потенциалынын маанилүү курамдык бөлүгү катары сактоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоого, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча милдеттерди аныктоого багытталган.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) академик - илимий мектеби бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди өлкөдө, жана ошондой эле чет мамлекетте да белгилүү болгон көрүнүктүү илимий эмгектери менен байыткан, УИАнын анык мүчөсүнүн наамы;
2) академиялык өз алдынча башкаруу - башкаруудагы коллегиалдуулуктун, көз карандысыздыктын жана өз алдынчалуулуктун принциптеринин негизинде ишке ашырылуучу, илимий изденүү эркиндигин, изилдөө багыттарын тандоону, жетектөөчү органдарды түзүүнү жана бекитүүнү, ошондой эле мыйзамдар жана устав менен аларга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын алкагында илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин стратегиясын жана тактикасын аныктоону камсыз кылуучу илимий жана илимий-тармактык иштерди башкаруунун уюштуруу-укуктук механизми;
3) илим - жаратылыш, коом жана ой жүгүртүү жөнүндө объективдүү, системалуу уюшулган жана негизделген билимдерди алууга, тактоого жана өндүрүүгө багытталган адам ишмердүүлүгүнүн өзгөчө түрү;
4) илимий прогресс - жаратылыштагы жана коомдогу жаңы кубулуштарды жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү табууга, изилдөөгө жана түшүндүрүүгө мүмкүндүк берүүчү илимий билимдерди өркүндөтүү процесси;
5) илимий-техникалык прогресс - илимди коомдун түздөн-түз өндүргүч күчүнө айландырууга көмөктөшүүчү илим менен техниканын улам алдыга карай өнүгүшү;
6) колдонмо илим - изилдөөлөр жана ачылыштар практикага түздөн-түз, тикелей багытталган билимдердин жыйындысы;
7) УИАнын корреспондент мүчөсү - илимий мектеби жана илимдин доктору илимий даражасы жана профессор илимий наамы бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан УИА мүчөсүнүн наамы;
8) улуттук баяндама - өлкөдөгү илимдин абалы, жетишкендиктери жана өнүгүү келечеги жөнүндө жалпыланган маалыматты камтыган, Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталуучу ар жылдык аналитикалык документ. Баяндама башкаруу органдарын илимий-техникалык саясатты түзүү жана түзөтүү, стратегиялык пландоо жана илимий жана инновациялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аналитикалык негиз менен камсыз кылууга багытталган;
9) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо - илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга багытталган илимий изилдөөлөрдү жөнгө салуунун макулдашуу процесстери жана тартиби;
10) фундаменталдык илим - негиз салуучу кубулуштарга жана гуманитардык илимдерге теориялык жана эксперименталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана аларды жетектөөчү жана формасына, түзүлүшүнө, курамына, түзүмүнө, касиеттерине жана алар менен шартталган процесстердин жүрүшүнө жооптуу мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөөнү туюнткан таанып-билүү тармагы.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын укуктук статусу
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы - табигый, техникалык, медициналык, айыл чарба, коомдук жана гуманитардык илимдердин негизги багыттары боюнча жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү улантууну, уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу, УИАнын илимий-изилдөө институттарын, УИАнын мүчөлөрүн, УИАнын илимий жана башка кызматкерлерин бириктирген жогорку мамлекеттик илимий мекеме.
2. УИА өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, УИАнын уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Мамлекет УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, УИАнын иш-аракетинин натыйжалуулугун жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүдө анын ролун жогорулатууга ар тараптан көмөктөшөт, анын ишин камсыз кылуу үчүн белгиленген тартипте финансылык каражаттарды бөлөт.
4. УИАнын иши өлкөнү социалдык-экономикалык жана саясий жактан өнүктүрүүгө, анын илимий-техникалык потенциалын өстүрүүгө, маданиятты, билим берүүнү, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, укуктук мамлекетти калыптандырууга, элдер ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого түрткү берүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоого багытталган.
5. УИАнын иши УИАнын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга багытталган илимий ишти мамлекеттик жөнгө салуу принциптерин жана академиялык өз алдынча башкарууну айкалыштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. УИА юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. УИАнын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
4-берене. УИАнын уставы
1. УИАнын уставы жалпы чогулуш менен кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
2. УИАнын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу;
2) УИАнын уставын кабыл алуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби;
3) УИАнын ишинин предмети, максаттары, негизги милдеттери, багыттары жана принциптери;
4) УИАнын укуктары жана ыйгарым укуктары;
5) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоо механизмдери;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине илим жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту берүү тартиби;
7) УИАны, анын уюштуруу түзүмдөрүн башкаруу жана алардын ишин контролдоо тартиби;
8) УИАнын жетекчи органдарынын компетенциясы, түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
9) УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын курамынан чыгуунун шарттары жана тартиби;
10) УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана жоюу тартиби;
11) УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара иштешүү шарттары.
3. Уставда УИАнын статусунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн.
2-глава. УИАнын ишинин максаттары, милдеттери жана функциялары
5-берене. УИАнын ишинин максаттары
УИАнын иши төмөнкүлөргө багытталган:
1) Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, медициналык, айыл чарба, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий иштин багыттарын координациялоо жолу менен илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) республиканы социалдык-экономикалык, саясий-укуктук, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн изилдөө;
3) илимий иштелмелерди жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) билим берүүнү, Кыргызстан элинин руханий маданиятын өнүктүрүүгө илимдин жана инновациялардын таасирин изилдөө жана анын интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
5) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар үчүн илимий-эксперттик кызматтарды көрсөтүү;
6) өлкөнү илимий жана илимий-технологиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын болжолдоо.
6-берене. УИАнын негизги милдеттери
1. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында УИАнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн, анын ичинде инновациялык илимий изилдөөлөрдүн, илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча иштелмелердин улантуучулук мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана координациялоо;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) стратегиялык мүнөздөгү улуттук жана мамлекеттик илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана ага катышуу;
4) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга илимий жактан консультация берүү;
5) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун эсебинен алынган илимий, илимий-техникалык натыйжаларга мониторинг жүргүзүү, баалоо;
6) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча аспирантура жана докторантура аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды, жогорку квалификациядагы илимий-техникалык кызматкерлерди даярдоо;
7) окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий мекемелерде жогорулатуу;
8) өлкөнү, анын маданиятын социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнү, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий жактан негиздөө;
9) илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы жолдорун аныктоо;
10) ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана механизмдерди иштеп чыгуу;
11) отчеттук мезгилде алынган илимий жетишкендиктерди көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентине илим боюнча ар жылдык улуттук баяндаманы жана анын басылмасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту даярдоо.
2. УИА илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да жүзөгө ашырат.
7-берене. УИАнын функциялары
УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) өлкөнү илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнү комплекстүү талдоо жана болжолдоо;
3) республикада илимдин жана инновациялардын абалы жана өнүктүрүү келечеги, ошондой эле фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар жөнүндө ар жылдык улуттук баяндама даярдоо;
4) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн улантуучулугун камсыздоо, аларды жүргүзүүдөгү багыттарын координациялоо;
5) инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча илимий тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштелмелерди жүргүзүү;
6) эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
8) илимий билимдерди даңазалоо жана жайылтуу;
9) илимий-техникалык саясат маселелери боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
10) дүйнөлүк жана ата мекендик илимдин жетишкендиктерин изилдөө жана талдоо, аларды Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында пайдалануу боюнча кеңештерди жана сунуштарды иштеп чыгуу;
11) мамлекеттик жана улуттук илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий коштоо;
12) Кыргыз Республикасында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
13) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
14) илимий жана илимий-техникалык иштин бардык субъекттери үчүн фундаменталдык жана колдонмо илим чөйрөсүндөгү багыттарды аныктоо;
15) мамлекеттик тапшырыктын, улуттук илимий-техникалык программалардын, келечектүү мамлекеттик илимий-изилдөө иштеринин пландарынын алкагында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө багыттарды координациялоо;
16) илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу жана өзүнүкүн түзүү;
17) билим берүү кызматтарын көрсөтүү.
3-глава. УИАнын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин башка субъекттери менен өз ара мамилелери
8-берене. УИАнын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери
1. УИА өз ишинде ушул Мыйзамда, УИАнын уставында жана илим жана билим чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттердин жана функциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары УИАга өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
3. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга, алардан өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу.
4. УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү УИАнын ишине тиешелүү маселелерди караган учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.
9-берене. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин башка субъекттери менен УИАнын өз ара мамилелери
1. УИА илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүнү, колдоону же практикалык ишке ашырууну жүзөгө ашырган, жеке жана юридикалык жактар, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк окумуштуулар менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде, анын ичинде башка мекемелерде иштеген УИАнын мүчөлөрүнүн ишине таянуу менен кызматташат.
2. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин субъекттерине кайрылууга, алардан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу.
3. УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү УИАнын ишине тиешелүү маселелерди караган учурда илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин субъекттеринин коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.
4. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттери менен УИАнын кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) биргелешкен программалардын, пландардын жана долбоорлордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди координациялоо жана аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын окумуштуулары менен адистерин УИАнын илимий мекемелеринде изилдөөлөрдү жана иштелмелерди аткарууга тартуу;
3) Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары жана жогорку окуу жайлары тарабынан жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү жана инновациялык иштелмелерди аткарууга УИАнын окумуштууларынын жана адистеринин катышуусу;
4) УИАнын окумуштууларынын Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде жана жогорку окуу жайларында адистерди жана илимий кызматкерлерди даярдоого катышуусу;
5) биргелешкен илимий жана илимий-практикалык сессияларды, конференцияларды, кеңешмелерди, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү;
6) УИАнын мезгилдүү басылмаларында окумуштуулардын жана илимий мекемелердин илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялоо;
7) илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык УИАнын илимий-изилдөө институттарын мамлекеттик жогорку окуу жайлары менен интеграциялоо;
8) окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын жана жогорку билим берүү мекемелеринин адистеринин УИАнын жалпы чогулушунун жана анын президиумунун ишине, ошондой эле УИА, УИАга баш ийген илимий уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан түзүлүүчү координациялык, илимий жана илимий-техникалык кеңештердин, бөлүмдөрдүн курамында катышуу.
5. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоонун алкагында УИА республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен илимий изилдөөлөрдү жана иштерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынан, жогорку окуу жайларынан жүргүзүлүп жаткан фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн абалы жана натыйжалары жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле алар аткарып жаткан илимий изилдөөлөрдүн жана иштердин абалына жана деңгээлине баа берүүгө укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары жана жогорку окуу жайлары өзүнүн илимий ишинин багыттарына ылайык УИАнын академиктигине жана корреспондент мүчөлүгүнө ал жарыялаган адистиктер боюнча талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
7. Илимий уюмдар жана жогорку окуу жайлары тарабынан талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби УИАнын уставы менен аныкталат.
8. УИА жана илимий-изилдөө ишин жүргүзүүчү уюмдар өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, технологиялык абалы, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн бардык багыттары боюнча изилдөөлөрдүн комплекстүү планын түзүшөт.
4-глава. УИАнын мүчөлөрү, алардын укуктары жана милдеттери
10-берене. УИАнын мүчөлөрү
1. УИАнын мүчөлөрү болуп УИАнын академиктери, корреспондент мүчөлөрү жана чет өлкөлүк мүчөлөрү саналат.
2. УИАнын корреспондент мүчөлөрү, илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор окумуштуулук наамы болгон, илимди ири илимий эмгектери менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары академик болуп шайланышы мүмкүн.
3. Илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары корреспондент мүчө болуп шайланышы мүмкүн.
4. УИАнын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланат.
5. УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Дүйнөлүк жана улуттук илимге жана маданиятка кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын окумуштууларын жана адистерин даярдоого көмөктөшкөндүгү үчүн чет өлкөлүк окумуштуулар жана илимдин жана маданияттын көрүнүктүү инсандары УИАнын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланышы мүмкүн.
7. УИАнын академиктерин жана корреспондент мүчөлөрүн, ошондой эле УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн шайлоонун тартиби жана шарттары анын уставы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү шайлоо жөнүндө жобо менен аныкталат.
11-берене. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
1. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) УИАнын башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
2) жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу же алар уюштуруучу илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттардын УИА тарабынан түзүлүшүнө;
3) УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;
4) өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын курамынан чыгып кетүүгө.
2. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жигердүү катышууга;
2) илимдин жетишкендиктерин практикалык ишке ашырууга жигердүү көмөктөшүүгө;
3) жеке өзү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөр, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ошол иштелмени илимий жетектөө аркылуу илимди жаңы жетишкендиктер менен байытууга;
4) илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;
5) УИАнын президиумуна өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө.
3. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
5-глава. УИАнын башкаруу органдары
12-берене. УИАнын жалпы чогулушу
1. УИАнын академиктеринен, корреспондент мүчөлөрүнөн, илимий уюмдарынын жетекчилеринен жана УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулуш УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
2. УИАнын жалпы чогулушу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
2) УИАнын академиктерин, корреспондент мүчөлөрүн, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президиумунун мүчөлөрүн шайлоолор жөнүндө жободо аныкталуучу тартипте шайлайт;
3) илим жөнүндө улуттук баяндаманы жана УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту, УИАнын президиумунун отчетторун, УИАнын илимий мекемелеринин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, академиктердин жана УИАнын корреспондент мүчөлөрүнүн отчетторун угат жана бекитет;
4) илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо маселелерин карайт;
5) УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алат.
3. УИАнын жалпы чогулушу жалпы чогулуштун мүчөлөрүнун жарымынан көбү жеке катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
4. УИАнын жалпы чогулушунун сессиялары зарылдыгына жараша, бирок жылына экиден кем эмес жолу чакырылат.
13-берене. УИАнын президиуму
1. УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын ортосунда УИАнын президиуму туруктуу иштөөчү коллегиалдуу аткаруучу орган болуп саналат. УИАнын президиумунун төрагасы болуп УИАнын президенти саналат.
2. УИАнын президиуму курамында УИАнын президенти, УИАнын вице-президенти, УИАнын башкы окумуштуу катчысы, УИАнын мүчөлөрү, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жогорку билим берүүнүн өкүлдөрү болгон УИАнын жалпы чогулушунда 5 жылдык мөөнөткө шайланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн сандык курамы, талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары УИАнын уставы менен аныкталат.
4. УИАнын президиуму:
1) УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;
2) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо боюнча ишти жүргүзөт;
3) УИАнын жалпы чогулушу тарабынан жактырылган илим жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы Кыргыз Республикасынын Президентине жана УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бюджеттик (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды чыгымдоонун негизги багыттарын аныктайт;
5) УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрүнүн программасына ылайык илимий жана башка мекемелердин жана уюмдардын, кыйла келечектүү багыттар боюнча программалардын ортосунда республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды, жайларды ижарага берүүдөн алынган каражаттарды бөлүштүрүүнү бекитет;
6) пландан тышкары илимий иш катары каралуучу кошумча илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде долбоорлорду жана мамлекеттик тапшырыктарды аткаруу үчүн акы төлөөнүн тартибин белгилейт жана жөнгө салат;
7) УИАны каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды карайт;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык УИАнын мүлкүн жана бюджеттен тышкары финансылык каражаттарын тескөө тартибин аныктайт;
9) УИАнын жылдык сметасын бекитет жана бөлүнүүчү каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдойт;
10) УИАнын эл аралык уюмдардын ишине катышуусу жөнүндө чечим кабыл алат;
11) УИАнын илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин карайт;
12) УИАнын илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелеринин уставдарын бекитет;
13) УИАнын уставына ылайык чечимдерди кабыл алат жана башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14-берене. УИАнын президенти
1. УИАнын президенти 70 жаштан улуу эмес, УИАнын академиктеринин, корреспондент мүчөлөрүнүн, илимдин докторлорунун ичинен 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес дайындала апат.
2. УИАнын вице-президенти жана башкы окумуштуу катчысы УИАнын президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
3. УИАнын президентинин, вице-президентинин жана башкы окумуштуу катчысынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен аныкталат.
4. УИАнын президенти:
1) УИАнын атынан иштейт;
2) УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун ишине жетекчилик кылат;
3) УИАнын жалпы чогулушуна төрагалык кылат;
4) УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдоштуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
6) УИАнын вице-президентине, башкы окумуштуу катчысына талапкерлерди жана УИАнын президиумунун курамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
7) УИАнын бөлүмдөрүнүн, УИАнын регионалдык бөлүмдөрүнүн, УИАнын илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилерин дайындайт;
8) республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды, ошондой эле УИАнын жайларын ижарага берүүдөн алынган каражаттарды УИАнын президиумунун макулдугу менен УИАнын фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрүнүн программасына ылайык илимий жана башка мекемелердин жана уюмдардын, кыйла келечектүү багыттар боюнча программалардын ортосунда бөлүштүрөт;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана УИАнын жалпы чогулушуна отчет берет;
10) Координациялык кеңештин төрагасы болуп саналат.
5. УИАнын президентинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча;
2) жеке арызы боюнча;
3) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда;
4) аны аракетке жөндөмсүз деп тааныган учурда;
5) оорусу боюнча милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган негиздер боюнча;
7) ал каза болгон учурда.
6. Кыргыз Республикасынын Президенти бош орун пайда болгон учурда белгиленген ченемдерге ылайык УИАнын президентин дайындайт.
6-глава. УИАнын мекемелери жана иш формалары
15-берене. УИАнын илимий мекемелери жана бөлүмдөрү
1. УИАнын курамында илимий мекемелер - илимий-изилдөө институттары, илимий, илимий-өндүрүштүк бирикмелер жана борборлор, ошондой эле юридикалык жактар болуп саналган жана УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү уставдардын негизинде иштеген башка түзүмдүк бөлүмдөр бар.
2. Илимий, илимий-техникалык, инновациялык, илимий-уюштуруу, патенттик-лицензиялык, метрологиялык, маалыматтык-басма, чарбалык жана башка ишти камсыз кылуу үчүн УИАнын курамында атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен эксперименттик, тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүшкө киргизүү уюмдары жана мекемелери, илимий тейлөө жана социалдык чөйрөнүн уюмдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, УИАнын уставына жана өздөрүнүн уставдарына ылайык иштөөчү башка уюмдар, мекемелер жана ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
16-берене. УИАнын бөлүмдөрү
1. УИАнын бөлүмдөрү ошол бөлүм боюнча тандалган илимдин бир же бир нече тармактары боюнча УИАнын мүчөлөрүн, ошондой эле институттардын жана ошол бөлүмгө кирген башка мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирүүчү илимий жана илимий-уюштуруу борборлору болуп саналат.
2. Бөлүмдөр өз курамында илимий-изилдөө институттарын, илимий, илимий-өндүрүштүк борборлорду жана башка илимий бөлүмдөрдү камтып турат. Бөлүмдөр фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө багыттарды координациялоо боюнча ишке катышышат.
3. Комплекстүү көйгөйлөрдү иштеп чыгуу үчүн УИАнын бөлүмдөрү илимий мекемелерден алардын курамына кирген да жана кирбеген да ассоциацияларды түзө алышат.
4. УИАнын бөлүмдөрүнүн иштери УИАнын жалпы чогулушу менен бекитилүүчү УИАнын уставы жана УИАнын бөлүмдөрү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
17-берене. УИАнын регионалдык бөлүмдөрү
1. УИАнын регионалдык бөлүмдөрү УИАнын ошол региондун илимий мекемелеринде иштеген мүчөлөрүн жана институттардын жана ошол региондо жайгашкан башка илимий мекемелердин илимий кызматкерлерин бириктирип турат.
2. УИАнын регионалдык бөлүмдөрүнүн курамында илимий борборлор, илимий-изилдөө институттары, башка илимий жана илимий-көмөкчү мекемелер болушу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алар региондо жайгашкан жогорку жана башка окуу жайлары менен биригүүсү, фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө багыттарды координациялоо боюнча ишке катышуусу мүмкүн.
18-берене. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо
1. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштердин багыттарын жалпы координациялоо үчүн Илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлөт.
2. Координациялык кеңештин ишинин тартиби жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
19-берене. УИАнын илимий архиви
1. Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын, адабият, маданият жана искусство ишмерлеринин кол жазмаларын, ошондой эле УИАнын мекемелеринин архивдик материалдарын жана илим менен тарых үчүн баалуу болгон башка материалдарды сактоо үчүн УИАда илимий архив түзүлөт.
2. УИАнын илимий архивинин түзүмү жана иш тартиби УИАнын президиуму тарабынан бекитилүүчү жобо менен белгиленет.
20-берене. УИАнын маалыматтык-басма иши
1. УИА маалыматтык-басма ишин, анын ичинде расмий илимий мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруу, ошондой эле башка өлкөлөрдүн илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары жана китепканалары менен басылмаларды алмашуу боюнча иштерди жүргүзөт.
2. Илимий жана илимий-изилдөө иштерин басып чыгаруу жана жайылтуу үчүн УИА басылмаларды түзөт.
21-берене. УИАнын эл аралык байланыштары
1. УИА эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык илимий алмашуулардын формаларын жана каражаттарын пайдаланат, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу үчүн кызыкдар болгон чет өлкөлүк уюмдарды, ишканаларды жана фирмаларды тартат, уставдык максаттарды чечүү үчүн пайда таппастан атайын каражаттардын жана/же негизги иштен түшкөн кирешелердин эсебинен белгиленген тартипте алар менен юридикалык жактын статусу жок биргелешкен ишканаларды, илимий-окуу борборлорун жана башка уюмдарды түзөт.
2. УИА эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык илимий мекемелерди жана уюмдарды түзүүгө катышат, эл аралык уюмдарга кирет, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин, Евразия экономикалык бирлигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучу мамлекеттеринин илимдер академиялары, башка илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланышты колдойт жана өз ара тыгыз иштешет, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары, илимий маалыматтар, басылмалар, илимий-изилдөө иштеринин деңгээлин жана натыйжалуулугун жогорулатуу методдору менен өз ара пайдалуу негизде алмашууну жүргүзөт, илимий программаларды биргелешип аткарат.
7-глава. УИАны каржылоо жана анын мүлкү
22-берене. УИАны каржылоо
1. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, программалык-максаттуу жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. УИАнын илимий мекемелеринин финансылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана фонддордун чегерүүлөрүнүн;
3) өзү өндүргөн товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулук каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын;
5) мамлекеттик тапшырык боюнча мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго катышуунун жана аткаруунун;
6) УИАнын жайларын ижарага берүүдөн же материалдык-техникалык базасын убактылуу пайдаланууга берүүдөн алынган кирешелердин;
7) илимий-изилдөө, билим берүү, маалыматтык-басма, илимий-консультациялык жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерден түшкөн каражаттардын.
Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тарифтер УИА тарабынан өз алдынча белгиленет.
3. УИАнын илимий мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат, ага илимий мекемелерди базалык каржылоо, мамлекеттик тапшырык боюнча аткарылуучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоо, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү финансылык камсыздоо кирет.
4. УИАнын илимий кызматкерлери тарабынан аткарылуучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча жүзөгө ашырылат жана өзүнчө каржыланат.
Мында УИА илимий кызматкерлердин мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго катышуу жана аларды аткаруу конкурсуна катышуу тартибин аныктоочу ички регламенттерди иштеп чыгат.
5. УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулар тобу илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунан илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн гранттарды алууга конкурска катыша алышат.
УИАнын илимий кызматкерлеринин мамлекеттик тапшырык түрүндө мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткарууга конкурска катышуу тартиби жана кошумча илимий-изилдөө иштерин аткаруу үчүн төлөө аткарылган иштер жөнүндө отчет бекитилгенден кийин УИАнын президиумунун макулдугу менен ар бир илимий-изилдөө уюму үчүн өзүнчө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, белгиленген тартипте жана формаларда жүргүзүлөт.
6. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду жүргүзүүгө алынган финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булагына (бюджеттик каражаттар, гранттар, кредиттер) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
23-берене. УИАнын мүлкү
1. УИАнын мүлкү УИАнын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат.
2. Мамлекет УИАга анын уставы менен каралган иште пайдалануу үчүн негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет.
3. УИАга берилген негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор жана мамлекеттик башка мүлктөр алып салынууга жана башка уюмдарга берилүүгө тийиш эмес.
4. УИА өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны УИАнын президиумунун макулдугу менен өз алдынча тескөөгө укуктуу.
5. УИАнын жайларын ижарага берүүдөн же материалдык-техникалык базасын убактылуу пайдаланууга берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
6. УИА ага ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик менчикти УИАнын уставы менен уруксат берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин бардык түрлөрүн, анын ичинде материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү күтүүгө жана анын кызматкерлерин социалдык колдоого алынуучу пайданы колдонуу менен тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланат.
8-глава. УИАнын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыздоо
24-берене. Эмгек акы төлөө, социалдык-тиричилик маселелерди чечүү
1. УИАнын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. УИАнын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, адистеринин, УИАнын тейлөөчү персоналынын социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн УИАнын илимий уюмдарынын атайын эсебинин каражаттарынын чегинде, эмгек акыны төлөө фондуна кирбеген жана орточо эмгек акыны, өргүү акысын, жөлөк пулдарды жана он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынбаган дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр белгилениши мүмкүн.
25-берене. УИАнын кызматкерлерине социалдык кепилдиктер
1. УИАнын кызматкерлери жана алар менен чогуу жашап жаткан алардын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык тейлөөнү пайдаланат.
2. УИАнын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү УИАнын санаторийлеринде, пансионаттарында, эс алуу үйлөрүндө жана туристтик базаларында санаториялык-курорттук дарылануу укугуна ээ.
9-глава. Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) жарыяланды
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.);
2) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 529-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 110 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 513-ст.);
4) "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |