Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
ТОКТОМ
25-февраль 2025-жыл №29-4/6
«Каракол шаарында, 2025-2027-жылдарга турак-жай имаратынын, курулмасынын же жайдын бир чарчы метр аянтынын негизги салыктык наркын, дубалдын материалына жана обьект пайдаланууга берилген жылына жараша салыктык базалык ставкаларын бекитʏʏ» жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 4-февралындагы чыг:№01-17/204 жана Каракол шаары боюнча салык кызматынын башчысы А.Байымбековдун, 2025-жылдын 17-январындагы, чыг.№40, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу чѳйрѳсʏндѳгʏ ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ» Мыйзамын аткаруу максатында, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин кʏчʏнѳ киргизʏʏ жѳнʏндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык, Каракол шаары боюнча, 2025-2027-жылдар ʏчʏн турак-жай имараттарына жана жайларга мʏлк салыгынын ставкасын бекитʏʏ ʏчʏн, салыктын ставкалары 25,33 сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин, аны аныктоо ʏчʏн 1 таблица берилген:
Таблица 1.
Дубалдардын материалы | Эксплуатация мѳѳнѳтʏ | Базалык салыктык наркы, сом |
Кыш, жыгач, курама же монолиттʏʏ бетон, блоктор, кум блок, пеноблок, шлакоблок, пенобетон, айнек, сендвич панель | 5-жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45-жылдан ашык | 40 35 33 30 25 |
Чийки топо (саман, гуваляк, сокмо) | 5-жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45-жылдан ашык | 25 23 20 15 13 |
Темир | Эксплуатациялоо мѳѳнѳтʏнѳ карабастан | 25 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар ʏчʏн материалдар | Эксплуатациялоо мѳѳнѳтʏнѳ карабастан | 20 |
Салыктык ставка |
| 25,33 |
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков