Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 264
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча натыйжалуу ишти камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-февралындагы № 41 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин күтүүгө каражаттар ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун жана реалдуу эсептик керектөөлөргө жараша негизги фонддорду оңдоого сарптоолордун ченеминин эсебинен каралат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-3-пунктча менен толукталсын:
"3-3) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун ченеминин эсебинен каржылануучу жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси;".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызматтын директору ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын директордун орун басарларына өткөрүп берүүгө укуктуу.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 28-тиркемесинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону координациялоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоонун, саркынды сууларды чыгаруунун жана тазалоочу курулмалардын борборлоштурулган системасын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.";
- 8-пунктта:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзац "тазалоо курулмаларын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктта:
1-пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо боюнча иш-чараларды координациялоо;";
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункттун жетинчи абзацындагы "курулуш-монтаждык жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 264
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча натыйжалуу ишти камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-февралындагы № 41 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)