Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
25-февраль 2025-жыл №29-4/8
С.Матниязованын жеке менчигине турак жай батирин ѳткѳрʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 05-февралындагы чыг:№01-17-424 катын карап жана талкуулап, Ысык-Кѳл областтык сотунун 2008-жылдын 19-сентябрындагы №1215/АИ-125/08ГД чечимин жана Ысык-Кѳл областтык прокуратурасынын, 2024-жылдын 08-июлундагы №24/153-04-0036 “Ченемдик укуктук актыны алып салуу жѳнʏндѳ” токтомун аткаруу максатында, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Кутманалиев, №149/2 кѳчѳсʏндѳ жайгашкан, идентификациялык коду ЕНИ:2-01-03-0031-0001-01-002 турак-жай батирин, С.Матниязованын жеке менчигине ѳткѳрʏʏгѳ макулдук берилсин.
2. Каракол шаардык Кенешинин, 2024-жылдын 29-августундагы №28-47/8 “Акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ” токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков