Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
25-февраль 2025-жыл №29-4/9
Каракол шаарынын 2024 -жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана такталган планды бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 28-январындагы, чыг:№01-17-306 жана Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, Каракол шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгʏ катын карап жана талкуулап, кирешелердин тʏшʏʏ планы ѳзгѳрʏлгѳндʏгʏн, 2024-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар тʏшкѳндʏгʏн, Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондунан каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн жана Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет, кирешелер боюнча 1617083,8 сом ѳлчѳмʏндѳ, чыгашалар боюнча 1622881,4 сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган планы, 1607290,9 сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага А.А. Сапарбеков