Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 16-июну ПЖ № 182
Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чараларды оперативдүү кабыл алуу, кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо боюнча пилоттук долбоорду 2025-жылдын 31-декабрына чейин ишке ашыруу мөөнөтү менен жүргүзүү колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктасын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн пилоттук долбоор аяктагандан кийин пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети пилоттук долбоордун оң натыйжаларын алган учурда кыймылсыз мүлккө мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын бүткүл республика боюнча киргизүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын.
4. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке кыймылсыз мүлк рыногунун маалыматтарын чогултууда жана талдоодо көмөк көрсөтсүн;
2) социалдык объекттерди жана жол инфраструктурасын куруу үчүн кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алууда (алып коюуда) кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык колдонсун.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |