Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
25-февраль 2025-жыл №29-4/12
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 13-январындагы, чыг:№01-17-83 кайрылуу катын жана Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.Толумбекованын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражаттарын бөлүштүрүү” жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын, 2024-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 36158,9 (отуз алты миллион жʏз элʏʏ сегиз миң тогуз жʏз ) сом ѳлчѳмʏндѳ, анын ичинен бюджеттик каражаттар 26343,3 (жыйырма алты миллион ʏч жʏз кырк ʏч миң ʏч жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, жана атайын каражаттар 9815,6 (тогуз миллион сегиз жʏз он беш миң алты жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын башындагы эркин калдыгы, 2024-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү, №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2025-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын каржылоону, бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык, мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага А.А. Сапарбеков