Загрузка документа…
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-майындагы № 417-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топ жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу инвентаризациялоо боюнча (ченемдерди бюрократиядан арылтуу предметине) ведомстволор аралык эксперттик топтун (мындан ары – ведомстволор аралык эксперттик топ) ишинин укуктук жана уюштуруу маселелерин жөнгө салууга багытталган.
2. Ведомстволор аралык эксперттик топ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин уюштуруу жана координациялык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) ишке ашырат.
2-глава. Ведомстволор аралык эксперттик топтун максаты жана ыйгарым укуктары
4. Ведомстволор аралык эксперттик топ мыйзамдарды жана укуктук жөнгө салуу механизмин бюрократиядан арылтуу максатында түзүлөт, ал төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылат:
1) мыйзамдарда жөнгө салынуучу маселенин негизги концептуалдык багыттарын аныктоочу жоболорду белгилөө жана бекитүү;
2) мыйзамдарда укуктук мамилелерди жөнгө салуу процессин ашыкча бюрократиялаштырган ченемдик көрсөтмөлөрдүн ашыкча деталдуулугун жоюу;
3) мыйзамдарда сыпаттама процесстерин жөнгө салуучу ченемдерди алып салуу;
4) мыйзамдарда ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салуу зарыл болгон нускамалык мүнөздөгү ченемдерди табуу;
5) коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында мамлекеттик органдын мониторинг жана контролдоо функцияларын сактоо менен жеке секторго (жеке субъекттерге) аутсорсингдик ишке ашырууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон мамлекеттик органдардын функцияларын аныктоо;
6) иштелип чыгуучу саясаттын алкагында мамлекеттик органдын башкаруучулук өз алдынчалыгын жана жоопкерчилигин камсыз кылууга мүмкүндүк берген ченемдерди бекитүү;
7) жөнгө салынуучу маселенин алкагында тиешелүү процесстердин ишин санариптештирүү.
5. Ведомстволор аралык эксперттик топтун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Жобонун 4-пунктунда аныкталган критерийлерге ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды талдоо;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, негиздемемаалымкаттарды жана аларга тиркелүүчү башка материалдарды кароо;
3) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо;
4) кароонун жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишине башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле окумуштууларды, юристтерди жана эл аралык жана коомдук уюмдардын адистерин тартуу.
3-глава. Ведомстволор аралык эксперттик топтун курамы. Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасынын ыйгарым укуктары жана мүчөлөрүнүн милдеттери
6. Ведомстволор аралык эксперттик топту Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары жетектейт.
Ведомстволор аралык эксперттик топтун курамына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин ченем жаратуу ишин же аткаруу бийлигинин органынын башка тармактык иш багыттарын тейлеген орун басарлары кирет.
7. Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы:
1) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат;
2) ведомстволор аралык эксперттик топтун мыйзамдарды бюрократиядан арылтуунун ар бир этабынын жана укуктук жөнгө салуу механизминин жыйынтыктары көрсөтүлгөн жыйналыштарын өткөрөт.
8. Ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналыштарына катышууга;
2) талкууланган маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;
3) ведомстволор аралык эксперттик топтун кароосуна талаптагыдай түрдө киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун изилдөөгө жана сын пикирлер жана сунуштар бар болсо, аларды берүүгө;
4) каралып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча маалыматты угууга.
4-глава. Ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин уюштуруу
9. Иштин тиешелүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу ыйгарым укуктары берилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары ведомстволор аралык эксперттик топтун кароосуна андан ары киргизүү үчүн бюрократиядан арылтуунун алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун төмөнкү документтерди тиркөө менен Юстиция министрлигине киргизет:
1) негиздеме-маалымкат;
2) салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда же жаңы редакцияда);
3) мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча байланыш адамы болуп саналган кызматкери жөнүндө маалымат.
10. Ведомстволор аралык эксперттик топ өзүнүн ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат. Ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасынын чечими боюнча жыйналыш онлайн режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.
11. Ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналыштарына ченемдик укуктук актылардын долбоорлору козгогон маселелер компетенциясына жана иш чөйрөсүнө кирген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан тизмеги аныкталуучу каралып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору компетенциясына жана иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон мамлекеттик органдардын атынан чыккан ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрү да катышат.
12. Ведомстволор аралык эксперттик топ ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коллегиялуу талкуулайт жана катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Алар жок болгон учурда ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышынын күн тартибиндеги бул маселени кароо кийинки жыйналышка жылдырылат. Добуштар тең болуп калган учурда ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасынын добушу аныктоочу болуп саналат.
Эгерде ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөсү жүйөлүү себептер менен жыйналышка катыша албаса, ал өкүлү болуп саналган мамлекеттик орган ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышы башталганга чейин бул жөнүндө Юстиция министрлигине маалымдоого жана жыйналышка ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөсүнүн атынан добуш берүүгө жазуу жүзүндө ыйгарым укук берилген башка өкүлдү жиберүүгө милдеттүү.
13. Ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышынын күн тартибинин долбоору тиешелүү материалдар менен бирге ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасына жыйналышты өткөрүү датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
Жыйналыштын ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы жактырган күн тартибинин долбоору тиешелүү материалдар менен ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.
Ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышынын күн тартиби түздөн-түз жыйналышта ведомстволор аралык эксперттик топтун катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен бекитилет. Жыйналыштын күн тартибине өзгөртүүлөр ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрүнүн сунушу боюнча киргизилиши мүмкүн.
14. Ведомстволор аралык эксперттик топтун чечимдери протокол менен таризделет.
15. Ведомстволор аралык эксперттик топтун сапаттуу ишин уюштуруу максатында Юстиция министрлигинин чечими менен каралып жаткан тармактык мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга жараша бюрократиядан арылтуу боюнча ишти уюштуруу үчүн ведомстволор аралык эксперттик топтун өзүнчө топчолору түзүлөт. Бул топчолордун ишинин форматы жана тартиби Юстиция министрлигинин чечими менен аныкталат.
Топчонун ишинин жыйынтыгы боюнча анын жыйынтыктары ведомстволор аралык эксперттик топтун кароосуна киргизилет.
Ведомстволор аралык эксперттик топ ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү долбоорду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүүнү камсыз кылат.
16. Юстиция министрлиги координациялык функциянын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясына сунуштарды киргизүүгө;
3) ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышында жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы үчүн ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөсүнө карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясына сунуш киргизүүгө.
17. Ушул Жобонун талаптарын аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат.