Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 16-июну ПЖ № 183
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча милдеттерди аткарууда күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук тартиби жана механизми жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана күтүүсүздөн келип чыгуучу коркунучтарга оперативдүү чара көрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча милдеттерди аткарууда күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук тартиби жана механизми жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыкты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын тартылган мамлекеттик органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган, бекитилген каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |