Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 03-сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 11
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин бекитүү боюнча, алдын ала каралган сунуштамаларынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2025-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 30015700 сомго бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3.2025-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 70 пайыз, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабарындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык районду өнүктүрүү фондуна 30 пайызы өлчөмүндө;
б).ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.
г).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
д).жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө;
4.Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 400 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.Айыл өкмөтүнө 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (байланыш,көмүр,суу ж.б.) жумшалсын.
7. Жалпак-Таш айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, согуш мезгилинде тылда кызмат өтөгөндөргө, Энелер күнүнө, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
8. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланаары белгиленсин.
9. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
10.Мындан тышкары, 2024-жылдын жергиликтүү киреше планын аткарылышы тууралу отчеттун жана 2025-жылга жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген киреше бөлүгүн, кирешелердин Бюджеттик классификациясынын форматында Кыргыз Республикасынын Финансы минстрлигине берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
11.Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
12.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |
Жалпак-Таш айылдык кенешинин
2025-жылдын 30-январындагы
№11 токтомуна №1-тиркеме
Айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга карата жеригилктүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү
№ | Кирешелердин аталышы | 2025 | 2026 | 2027 |
1 | Киреше салыгы | 8611,2 | 9619,0 | 10889,0 |
2 | Патенттик негиздеги салык | 600,0 | 600,0 | 600,0 |
3 | Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы | 6,3 | 6,3 | 6,3 |
4 | Транспорт салыгы | 1024,9 | 1024,9 | 1024,9 |
5 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 174,5 | 174,5 | 174,5 |
6 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 410,9 | 410,9 | 410,9 |
7 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 895,7 | 895,7 | 895,7 |
8 | Рояли салыгы | 10758,3 | 11519,3 | 13297,2 |
9 | Линценцияны кармоо учун | 1400,0 | 1400,0 | 1400,0 |
10 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 2228,0 | 2228,0 | 2228,0 |
11 | Жайыт ижарасы учун акы | 370,0 | 370,0 | 370,0 |
12 | КБФнын ижарасы | 836,1 | 836,1 | 836,1 |
13 | Таштанды чыгаруу | 15,0 | 15,0 | 15,0 |
14 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 1692,0 | 1692,0 | 1692,0 |
15 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 992,8 | 992,8 | 992,8 |
| ЖАЛПЫСЫ | 30015,7 | 31784,5 | 34832,4 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков
Финансы-экономика бөлүм башчысы А.Нурдинов