Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 03-сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 13
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алууга жергиликтүү коомчулуктун каражаттарынын салымын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алууга жергиликтүү коомчулуктун каражаттарынын салымын бекитүү максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алууга “Жалпак-Таш өнүктүрүү” фондунун каражаттарынын эсебинен каралган 1500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдук салымы бекитилсин.
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алууга каралган акча каражаты Ош областык өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоорго өздүк салым катыры жумшалаары белгиленсин.
3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө автогрейдер сатып алууга каралган акча каражатына кепилдик берүү жагы “Жалпак-Таш өнүктүрүү” фондунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |