Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 10-марты № 18
Жалпак-Таш айыл аймагынын турак имараттары жана жайлары
үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысы Нурдинов Акылбек Абдимиталиповичтин маалыматын угуп, талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагында 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имараттары жана жайлары үчүн ставканын өлчөмү, Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча 1 (бир) чарчы метр үчүн 10 (он) сомдон бекитилсин.
2.Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| Исламидин уулу Р. |