Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылынын 26-февралы №4/12
« Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2025 - жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишкансынын өткөн 2024-жылда жүргүзгөн ишин жетишилген ийгиликтер менен катар, финансы-экономикалык абалын жакшыртууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген отчету кабыл алынып, 2025-жылга “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү боюнча “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга аткарылган иши боюнча маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын;
2. Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1067073(бир миллион алтымыш жети миң жетимиш үч )сом болуп бекитилсин;
3. 2025-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси П.Мараимбековго милдеттендирилсин;
4. Жайытка кетип жаткан малдын санын дагы бир ирет тактап, көзөмөлдөө үчун пост уюштурулуп, күзөтчүнүн эмгек акысы штаттык расписаниенин негизинде төлөнүп берилсин;
5. Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгууга малдын 1(бир) башына төмөнкүдөй акы белгиленсин:
а) уй, жылкы, эшекке 143,94 (жүз кырк үч миң)сом 94(токсон төрт)тыйын.
б) кой, эчкилерге 28(жыйырма сегиз ) сом 79(жетимиш тогуз) тыйындан жайыт акы белгиленсин;
6. Чекене акы 1 (бир) баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакындыгын эске алып, 650 (алты элүү жүз ) сомдон 700 (жети жүз ) сомго, кой эчкилерге 120(жүз жыйырма) сомдон 130(жүз отуз) сомго чейин белгиленсин;
7. Жаратылышты коргоо жана айлана чөйрөнү таза кармоо боюнча ошондой эле жайыт пайдалануучулардын түтүн (чатыр )пул алуу жагы каралсын; ар бир жашаган чатырга 800(сегиз жүз) сом өлчөмүндө “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын эсебине кириштелсин;
8. Сырттан келген (башка айыл аймактан) малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын;
9. Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса, күзгү жазгы жайыттар үчүн мал жайылган күндөн баштап, кара малга башына 35(отуз беш) сомдон майда жандыкка башына 10(он) сомдон жайыт акы алынсын;
10. Жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп келип, жайыт чөп, уруктары себилген жерге мал бакса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын;
11. Мыйзамсыз жайытка мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын одоно бузгандарга, жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп жана жайыт акыны өз мөөнөтүндө төлөбөгөндөргө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык айып пул салынсын жана жайыт билети берилбесин;
12. Ак-Башат айылында үлүш жерлер жайыт жерлери менен чектеш болгондуктан аталган айылдын тургундарынын үлүш жерлерине күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Жоомарт Абдыманап уулуна дайындалсын;
13. Ак-Башат айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларына, 2025-жылдан баштап, шарттуу малдын башына салык төлөмү киргизилсин;
14. Ветеринардык сервистердин башчылары: квартал сайын малдарды эмдөө иштери боюнча, “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына өз убагында маалымат берилсин;
15. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
16. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |