Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы №4/4
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы “Кара-Тал” участогундагы жайыт жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтунүн башчысы Н.Иса уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы “Кара-Тал” участогундагы 100 га жайыт жер аянты 5 жылдык мөөнөткө чычырканак өсүмдүгүн айдап,өстүргөнгө Япония мамлекетинен келген жеке ишкерлерге ижарага берилсин .Алдыңкы 3 жылы 1 га жер аянтына ижара акысы жылына 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.Андан кийинки жылдарга ижара акысы айылдык кеңештин чечими менен аныкталсын.
2. Жеке ишкерлер менен келишим түзүп,иш алып баруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна жана “Баш-Кайыңды” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Молдоевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |