Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 23-июну ПЖ № 187
Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткаруунун натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу, өлкөдө мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоо, жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилсин жана соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткарууга байланышкан сот аткаруучулардын штатын, аларды күтүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, байланыш каражаттарын, маалыматтык ресурстарды, документтерди, материалдарды, иштерди жана архивдик жазууларды өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзсүн;
2) өткөрүп берилүүчү функцияларга, материалдык-техникалык ресурстарга жана архивдик материалдарга карата укук улантуучулукту камсыз кылсын;
3) иш-чараларды белгиленген бюджеттик ассигнованиелерден жана штаттык сандан ашпастан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каржылоонун чегинде ишке ашырууну камсыз кылсын;
4) соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу бөлүмдөрүн кадрдык камсыздоо жана материалдык-техникалык жабдуу, анын ичинде кызматкерлерди кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
5) мамлекеттик органдардын соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу процессине байланышкан санариптик платформалары жана маалыматтар базалары менен интеграцияланган соттук актыларды жана башка аткаруу актыларын мажбурлап аткаруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылсын;
6) соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча иш-чараларды пландоодо жана жүзөгө ашырууда санариптик инструменттерди пайдаланууга жана жасалма интеллектти киргизүүгө артыкчылыктуу тартипте өтүүнү камсыз кылсын;
7) жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү камсыз кылсын;
8) мамлекеттик органдардын соттук актыларды жана башка аткаруу актыларын мажбурлап аткаруу боюнча ведомстволор аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону камсыз кылсын.
4. Апробациялык режимди колдонуу убактысына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна төмөнкү ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобону, анын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча;
2) башкы сот аткаруучуну жана анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу боюнча;
3) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлеринин статусу, аларды дайындоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары ушул Жарлыкта жөнгө салынбаган бөлүгүндө “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат деп аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте:
1) эки айлык мөөнөттө соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин аткарбоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
2) 2026-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режимин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүп турсун;
3) 2026-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режимди киргизүү боюнча жүргүзүлгөн эксперименттин натыйжаларына негизделген тиешелүү сунуштарды киргизсин;
4) Ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын ишин тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде каржылоо маселелерин чечсин, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнөн түшкөн каражаттарды аткаруу өндүрүшү чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү үчүн пайдалануу мүмкүндүгүн карасын;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 46 (3702) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |