ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 20-сессиясы
2024-жылдын 1-февралы № 81-а
Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин 2024-жылга карата бюджетин, иш-чараларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-, 10-беренесине ылайык Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркеме, бюджет кирешелер жана чыгашалар сметасы 2-3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2024-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйздүү мал башына 100 (жүз) сом.
Кой- эчкилер башына 20 (жыйырма) сом.
Жылкы башына 100 (жүз) сом.
3.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында чыккан № 515 токтомуна ылайык жайыт жерлерин мал жаюудан башка максатта тоют даярдоо үчүн кашалап же айдап эгин эксе сотигине 10 сомдон ал эми үлүш жерлердин арасындагы жайыт жеринен чөп орок катары пайдаланса сотигине 10 сомдон пайдалангандыгы үчүн жайыт акы алынсын ал эми балыкчылык, мөмө-жемиштерди жыйноо, туризм жана жарандардын эс алуусу, аңчылык, отун даярдоо, жалпы жайылтылган пайдалуу кендерди казуу жана жеңил конструкцияда уюлдук байланыштарды орнотууга берилген жайыт жерлер эки тараптуу келишимдин негизинде жайыт акы өндүрүлсүн.
4.Жалпак-Таш айыл өкмөтү жайыт комитетинин пайдаланылуучу жайыт участогунан жана мал жандыктан түшкөн жайыт акысын жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
5.Жайыт акыдан түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана социалдык камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга мыйзам чегинде жумшалсын.
6. Бул токтомдун аткарылышы Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасына Т.Калыкбердиевге милдеттендирилсин.
7.Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго тапшырылсын.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
“01” февраль 2024- жылдын
№ 81-а токтомуна 1-тиркеме
Жайыт комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы
| Аткарылуучу иш-пландардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптулар |
1 | Жайыт комитетинин бюджетин бекиттирүү | 1-2 квартал | Жайыт комитетинин төрагасы |
2 | Мал жандыктардын эсебин тактоо | 1-квартал | Жайыт комитети Айыл башчылар |
3 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзү | 1-квартал | Жайыт комитети |
4 | Жайытка баруучу жолдорду оңдоо | Дайыма | Жайыт комитети |
5 | ЖП жакынкы жайыттарга жайгаштыруу жана эмдөө иштерин жүргүзүү | Дайыма | Жайыт комитети,вет сервистер |
6 | Алыскы жайыттарга көчүрүү графигин жана маршурут түзүү | 1-2-квартал | Жайыт комитети |
7 | Жайыттарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу жана аркандай долбоорлор менен иштөө | Дайыма | Жайыт комитети |
8 | Жайыт пайдалануучулардан жайыт акысын жыйноо | Дайыма | Жайыт комитети Айыл башчы |
9 | Жайыттардын абалын жакшыртуу жана мониториг жүргүзүү | Дайыма | Жайыт комитети Айыл башчы |
10 | 2024 жыл жыйынтыгын чыгаруу
| Жыл аягында | Жайыт комитетинин төрагасы |
Жалпак-Таш жайыт
комитетинин төрагасы Калыкбердиев
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
“01” февраль 2024- жылдын
№ 81-а токтомуна 2-тиркеме
Жайыт пайдалануу бирикмесинин 2024-жылга жайыт
акысынын киреше бөлүгү
№ | Малдын түрү жана башка максатта пайда-ланган жайыт
| Малдын саны жана жайыттын аянты | Коюулган баасы мал башына жана сотыхна | Шарттуу мал башы, жер аянты (га) | ЖПБ келишимде көрсөтүлгөн жайыт акысы
| Жалпы 2022-жылга сом |
1 | Кара мал | 450 | 100 | 1350 | 100 | 45000,00 |
2 | Кой-эчки | 2500 | 20 | 1500 | 20 | 50000,00 |
3 | Жылкы | 500 | 100 | 4350 | 100 | 50000,00 |
4 | (Биллайн) ишкана | Карл-Маркс айылында | 1000 |
| 1000 | 12000,00 |
5 | (Биллайн) ишкана | Курбу-Таш айылында | 2000 | 2000 | 24000,00 | |
6 | (Биллайн) ишкана | Түз-Бел айылында | 2000 |
| 2000 | 24000,00 |
| Жалпысы |
|
| 7200га |
| 205000,00 |
Жалпы эсептөөнүн жыйынтыгына ылайык жайыт комитетинин 2024-жылга жайыт акысы 1 шарттуу мал башына100 сом, кой-эчкиге 20 сомдон жана башка максатта пайдаланган жайыттардан келишимдин негизинде акы белгиленсин жана кошумча каражат табылсын. Жайыт түрүнө карата салык чегерүү КР жайыт мыйзамынын талаптарына ылайык келтирилсин.
Жалпак-Таш жайыт
комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиев
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
“01” февраль 2024- жылдын
№ 81-а токтомуна 3-тиркеме
Жайыт пайдалануу бирикмесини 2024-жылга карата
түзүлгөн чыгаша бөлүгү
№ |
|
| Иштеген айы | Начисление сумма | Рай. коэффиценти | Суммасы |
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 12300 | - | 147600,00 |
2 | Эмгек акы жыйынтыгы стат-я 2111100: |
|
|
|
| 147600,00 |
3 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр соцфонд ст-я 212100: |
|
|
| 17,25% | 25461,00 |
4 | Жалпы эмгек акы фонду |
|
|
|
| 173061,00 |
5 | ЖПБнын ассосацияга кармалуучу взноско |
|
|
|
| |
6 | Ар кандай түрдүү чыгымдар стат-я 22154900: |
|
|
|
| 6000,00 |
7 | Жайыт инфраструктуасын жакшыртууга |
|
|
|
| 25939,00 |
8 | Жалпысы: |
|
|
|
| 205000,00 |
Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиев