АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылынын 26-февралы №4/15
« Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө »
Материалдык жардам көрсөтүүдө, 2025-жылы ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кайрымдуулук максатында материалдык колдоо көрсөтүү үчун, келип түшкөн акча каражатын ар түрдүү чыгымдар үчүн кароо боюнча бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-жылы ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кайрымдуулук максатында 2025-жылга 300 000 (үч жүз миң)сом акча каражатын, Айры-Там айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын эсебине кошумча бекитилсин;
- Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |