Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 291
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 347 "Административдик имараттарды жана курулмаларды ээликтен ажыратуунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 1 чечимине, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "Б" категориясы (маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер" графасынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Мамлекеттик органдын борбордук аппараты администрациялык имараттан жана курулмадан чыгып кеткен учурда тиешелүү имарат жана курулма стратегиялык объект статусун жоготот.";
- "В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн "Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер" графасынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Көрсөтүлгөн органдар администрациялык имараттан жана курулмадан чыгып кеткен учурда тиешелүү имарат жана курулма стратегиялык объект статусун жоготот.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |