АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылынын 26-февралы №4/16
« Совет-Сай айылына спорттук аянтча куруу үчүн күбөлөндүрүүчү документ берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-13- 44-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын коммуналдык менчик жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айры-Там айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылындагы спорттук аянтчага тиешелүү болгон 0.10 га жер аянты бекитилип берилсин;
- Жер участогун инвентаризацияоо, жер аянтына тийешелүү иш кагаздарын даярдоо, жер участогун мөөнөтсүз (көрсөтүлбөгөн мөөнөткө) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ала-Бука филиалынан суралсын;
- Көрсөтүлгөн жер тилкесине мыйзам чегинде чечим чыгарып берүү жагы Айры-Там айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |