Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 23-сессиясы
2024-жылдын 28-июну № 92
Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына фельдшер-акушердик пункт куруу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына фельдшер-акушердик пункт куруу долбоорун жасап, аны курууну ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн жана Курбу-Таш, Карл-Маркс жана Боз-Ала айылдарынын тургундарынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги элдик жыйынын протоколун угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына фельдшер-акушердик пункт долбоорун жасоого уруксат берилсин.
2.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына фельдшер-акушердик пункт долбоорун куруу иштерине керектелүүчү акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына фельдшер-акушердик пункт долбоорун куруу иштерине талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |