Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 93
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджетин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышынын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2024-жылдын 6 ай ичинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 15043,1 миң сомго жана чыгашалары 12622,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 6 ай ичинде алып барган жана аткарган иштеринин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |