Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 94
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” (2023-жылдын 11-августундагы редакциясына ылайык) мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун негизинде Жалпак-Таш айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринедеги балдардын тамактануунусуна каржылануучу каражаттарды ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарна өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин сунуштарын угуп, талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринедеги балдардын тамактануунусуна жергиликтүү бюджеттен каржылануучу каражаттар 2024-жылдын 1-августунан токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринедеги балдардын тамактануунусуна каржылануучу каражаттар 2024-жылдын 1-августунан тартып ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3.Жалпак-Таш айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринедеги балдардын тамактануунусуна каржылануучу атайын каражат бир балага ай сайын 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
5.Жергиликтүү бюджеттин бала бакча (атайын каражат) бөлүмүнө 2024-жылдын 1-августунан тартып 681,4 миң сомго кошумча план алуу жана чыгашасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-аракеттерди көрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |