Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 95
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө штаттан тышкары жалданма
контрактык негизде айыл башчы алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралынагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын 2024-жылдын 11-майындагы №01-14/397 бекитилген түшүндүрмө катынын негизинде, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө штаттан тышкары жалданма контрактык негизде Түз-Бел жана Карл-Маркс айылдарына айыл башчы алууга макулдук берилсин.
2.Контрактык негизде кабыл алынган айыл башчынын эмгек акысы мыйзам чегинде эсептеп, төлөп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |