Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 96
Ак-Терек айылындагы П.Жакыпов атындагы №65 орто мектебинин эски имаратынын ордуна балдар бакчасын куруу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Ак-Терек айылынын жергиликтүү тургундарынын 2024-жылдын 31-июлундагы жыйынында бала бакча куруу жөнүндө протоколунун жана айыл өкмөт башчысынын айыл аймагындагы 2024-жылга карата социалдык-экономикалык иш-планын аткаруу боюнча сунушун угуп, талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагындагы Ак-Терек айылындагы П.Жакыпов атындагы №65 орто мектептин эски имаратынын ордуна балдар бакчасын курууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарууга алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |