Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 97
Кара-Тарык айылына айылдык фельдшердик пункттун жаңы
имаратын куруу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Кара-Тарык айылына “айылдык фельдшердик пункттун” жаңы имаратын куруу долбоорун жасап, аны курууну ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн жана Кара-Тарык айылынын тургундарынын 2024-жылдын 31-июлундагы элдик жыйынын протоколун угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылына “айылдык фельдшердик пункттун” жаңы имаратынын долбоорун жасоого уруксат берилсин.
2.Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылына “айылдык фельдшердик пункт” жаңы имаратынын долбоорун куруу иштерине керектелүүчү акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылына “айылдык фельдшердик пункт” жаңы имаратынын долбоорун куруу иштерине талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |