Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 98
Түз-Бел айылына Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин ээлеген аянтынан “кичи футболдук” аянтчага жер тилке бөлүп берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы №27 орто мектебинин ээлеген жеринен жаштар жана окуучулар үчүн “кичи футболдук” аянтчага жер тилке бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы №27 орто мектебинин ээлеген жеринин түштүк батыш тарабынан жаштар жана окуучулар үчүн “кичи футболдук” аянтчага 0,15 га жер тилке бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы №27 орто мектебинин ээлеген жеринин түштүк батыш тарабынан жаштар жана окуучулар үчүн “кичи футболдук” аянтчага талап кылынган иш кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн..
Төрайым |
| Г. Матиева |