Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 99
Киров, Алча-Башат айылдарынын ички чарбалык
жолуна асфальт төшөө жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ылайык жана 2024-жылдын 01-августундагы элдик жыйынын протоколунун негизинде айыл өкмөт башчынын Киров, Алча-Башат айылдарынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Киров, Алча-Башат айылдарынын ички чарбалык жолунун бир чакырым аралыгына асфальт төшөө боюнча долбоор жасоого уруксат берилсин
2.Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров, Алча-Башат айылынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча жасалган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү акча каражатты дем берүүчү гранттан суралсын.
3.Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров, Алча-Башат айылдарынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча куруу иштерине талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |