Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 100
Кара-Тарык айылынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ылайык жана 2024-жылдын 02-августундагы элдик жыйынын протоколунун негизинде айыл өкмөт башчынын Кара-Тарык айылынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Тарык айылынын ички чарбалык жолунунун бир чакырым аралыгына асфальт төшөө боюнча долбоор жасоого уруксат берилсин
2.Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча жасалган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылынын ички чарбалык жолуна асфальт төшөө боюнча куруу иштерине талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |