Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 101
Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрду киргизүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-115-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-август 2023-жылдагы №385 токтомуна таянып, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкулап Жалпак-Таш айлыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичиндеги чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгү бюджеттик каражаттар кайра бөлүштүрүлсүн;
-аппараттын 2111-беренесинен -2950,0 миң сом;
-аппараттын 2121-беренесинен -290,0 миң сом;
-бала бакчанын 2218-беренесинен-490,0 миң сом;
-турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-бернесине +2500,0 миң сом;
-бала бакчанын 3111-беренесине +1000,0 миң сом;
-бала бакчанын 2221-беренесине +50,0 миң сом;
-башталгыч мектептин 2224-беренесине + 70,0 миң сом;
-маданият үйүнүн 2221-беренесине +10,0 миң сом;
-турак-жай коммуналдык чарбанын 2215-беренесине+100,0 миң сом.
2.Жалпак-Таш айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын тамактануунусуна жергиликтүү бюджеттен каржылануусу 2024-жылдын 1-августунан тартып токтотулгандыктан, бала бакчанын атайын каражатына 627,2 миң сомго кошумча план алынып, 2218-беренесине өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттин чыгыша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |