Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 5-августу № 102
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө атайын техника (автогрейдер)
сатып алуу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ылайык жана 2024-жылдын 17-июлундагы айыл аймагынын элдик жыйынын протоколунун, айыл өкмөт башчынын Жалпак-Таш айыл аймагынын ички жолдорун кыш мезгилинде, жаан чачын убагында ички чарбалык жолдорду оңдоо түзөө иштери үчүн атайын техника (автогрейдер) сатып алуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун оңдоп түзөө иштери үчүн атайын техника (автогрейдер) сатып алууга макулдук берилсин.
2.Жалпак-Таш айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун оңдоп түзөө иштери үчүн атайын техника (автогрейдер) сатып алууга керектелүүчү акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Жалпак-Таш айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун оңдоп түзөө иштери үчүн атайын техника (автогрейдер) сатып алууга талап кылынган документтерин тактап, даярдап тапшыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |