Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 25-сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры № 103
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджетин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышынын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-115-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 4-август 2023-жылдагы №385 токтомуна таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу процессинде транспорт салыгынан 290,0 миң сом, айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынан 890,0 миң сом, мамлекеттин фондунун кайра бөлүштүрүү ижарасына 350,0 миң сом жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымга 1130,0 миң сом, жалпысы 2660,0 миң сомго бекитилген пландан ашыкча аткарылгандыктан кошумча план алынып, кошумча иш-чараларды аткаруу үчүн 2024-жылдын 4-кварталындагы жергиликтүү бюджеттин чыгыша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, 1-тиркемеге ылайык иш-чаралар планы бекитилсин.
-аппараттын 2222-беренесине +10,0 миң сом;
-орто мектептин 2221-бернесине +110,0 миң сом;
-бала бакчанын 3112-беренсине +72,0 миң сом;
-айыл чарбанын 2223-беренесине +120,0 мин сом;
- турак-жай коммуналдык чарбанын 2215-беренесине +1597,0 миң сом;
- турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-беренесине +100,0 миң сом;
-маданият үйүнүн 3112-беренесине +64,6 миң сом;
-бала бакчанын 3111- беренесине+486,4 миң сом;
-социалдык коргоонун 2721-беренесине +100,0 миң сом.
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу үчүн бюджеттин 2024-жылдын 4-кварталындагы чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгү бюджеттик каражаттар кайра бөлүштүрүлсүн:
-аппараттын 3111-беренесинен -42,7 миң сом;
-аппараттын 3112-беренесинен -8,2 миң сом;
-турак-жай коммуналдык чарбанын 3112-бернесинен -25,3 миң сом;
-бала бакчанын 3111-беренесине +76,2 миң сом;
3.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын “11”сентябрдагы №103 токтомуна №1 тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-кварталына карата кошумча аткарыла турган иш-чаралар планы
№ | Кошумча аткарыла турган иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуу | Бөлүнгөн акча каражаты (миң сом) |
1 | П.Жакыпов атындагы орто мектебинин ашканасынын полун ремонтоо | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 70,0 миң |
2 | А.Ташмаматов атындагы башталгыч мектебинин көмүр канасын ремонттоого курулуш материалдарын сатып алуу | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 40,0 миң |
3 | Ветеринардык сервистин кызматкерлерин атайын-кийим кече менен камсыздоо | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 120,0 миң |
4 | Түз-Бел айылына курула турган кичи футболдук аянтчага сметалык долбоор жасоого | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 197,0 миң |
5 | Социалдык жактан муктаж жарандарга 2024-2025- күз-кыш мезгилине көмүрдөн жардам көрсөтүүгө | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 100,0 миң |
6 | Ички жолдорго шагыл ташуу жана төшөө жумуштарына | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 1100,0 миң |
7 | Курбу-Таш маданият үйүнө сахна столдорун сатып алууга | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 64,6 миң |
8 | Искен-Нур балдар бакчасынын балдар ойночу аянтчасынын курулушун бүткөрүүгө | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 366,5 миң |
9 | Т.Маткасымов жана Искен-Нур балдар бакчасына 2 ярустуу кроват, ашкана стол, стулдарын сатып алууга | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 72,0 миң |
10 | Шайлоо өткөрүүгө кеңсе, айыл чарба товарларын сатып алуу | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 10,0 миң |
11 | Үч-Капчал айылындагы балдар бакчасынын курулушунун карызын төлөөгө | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 119,6 миң |
12 | Киров айылындагы курулуп жаткан каптаждагы кошумча жумуштарды бүткөрүүгө | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 100,0 миң |
13 | Ички жолдорду асфальтоого сметалык долбоор жасоо кызматына | 2024-жылдын 4-кварталы | Айыл өкмөтү | 300,0 миң |
Айыл өкмөт башчысынын
орун басары-жооптуу катчы М.Калдыбаева