Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 25-сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры № 104
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин аймагына ачык кичи футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин аймагына ачык кичи футбол аянтчасын куруу боюнча Түз-Бел айылынын тургундарынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы элдик жыйынын протоколундагы сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде ачык кичи футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин аймагына ачык кичи футбол аянтчасын курууга 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен 3204600 (үч миллион эки жүз төрт миң алты жүз ) сом акча каражаты каралсын.
2. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин аймагына ачык кичи футбол аянтчасын куруу боюнча каралган акча каражат дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбооду каржылоого өздүк салым катары жумшалаары белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы-экономика жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |