Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы N 264 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин мурда аткарган борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо функциялары боюнча укук улантуучусу болуп саналат.
Мамлекеттик мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин координациялоосу астында жана аны менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын капиталдык курулуш объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
5. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун жана мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик керектөөлөрүнө жараша негизги фонддорду оңдоого сарптоолордун ченеминин эсебинен жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Управление капитального строительства объектов питьевого водоснабжения и водоотведения" при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККБММ";
- расмий тилде: "ГУУКС".
7. Кызмат тарабынан мамлекеттик мекеменин өндүрүштүк ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик мекеменин филиалдары түзүлүшү мүмкүн.
8. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4а.
2-глава. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
9. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.
3-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
10. Мамлекеттик мекеменин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун алкагында кайра иштетүү өнөр жайы объекттеринде, республикалык бюджеттин каражаттарынын жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржылануучу калктуу конуштардын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин жана канализациялык тазалоо курулмаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу жана курулуш иштеринин өндүрүш тартибин өркүндөтүү жана курулуш методдорун колдонуу.
4-глава. Мамлекеттик мекеменин функциялары
11. Милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мекеме төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчы" функциясын аткаруу (мындай функциялар өткөрүлүп берилген учурда);
- долбоорлоо уюмдары менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана берүү графигин макулдашуу, аны аткаруунун жүрүшүнө контроль жүргүзүү;
- долбоордук-сметалык документтерге ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо мөөнөттөрүн жана сапатын камсыз кылуу, курулуштагы ченемдик талаптарды сактоо менен долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- курулуш-монтаждык, жөнгө салып-ишке киргизүү жана башка иштин түрлөрүнүн өндүрүшүн уюштуруу жана башкарууну камсыз кылуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин пайдаланууга берүүгө даярдоо;
- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин курулуш-монтаждык иштерине контроль жүргүзүү;
- курулушу аяктаган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин кабыл алуу боюнча иштерге катышуу жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эксплуатациялоочу уюмдарга тапшыруу (өткөрүп берүү);
- курулушу, реконструкциясы жана капиталдык оңдоосу бүтө элек ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин токтото туруу учурларында алардын сакталышын камсыз кылган тиешелүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды подряддык уюмдар менен биргеликте өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- долбоорлоо, курулуш уюмдары жана жабдуулар менен курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
- колдонулуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу программалары боюнча сунуштарды даярдоо, жаңы ыкмаларды ишке ашыруу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфраструктурасын куруу жана реабилитациялоо чөйрөсүндө чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, архитектура жана курулуш органдары, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан долбоорлоо жана подряддык уюмдар, заказчы-инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- Кызматтын кароосуна борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну долбоорлоо жана куруу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана реконструкциялоо менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракет пландарын жана иштиктүү долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;
- суу түтүктөрүн жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын курууну жана капиталдык оңдоону уюштуруу жана жабдууларды колдонуу боюнча алдынкы тажрыйбаларды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
5-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары
12. Мамлекеттик мекеме төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- мамлекеттик мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- подряддык уюмдар тарабынан алардын дайындалышына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан жүзөгө ашырылуучу ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик-техникалык коммуникацияларынын курулуш-монтаждык иштеринин жүрүшүнө контроль жүргүзүүгө;
- курулуш-монтаждык жана башка иштин түрлөрү сапатсыз аткарылгандыгы үчүн ченемдик укуктук актылар жана келишимдик милдеттенмелер бузулгандыгы жөнүндө доолор менен сотко кайрылууга;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим долбоорлорун даярдоо үчүн консультация же маалымат алуу тартибинде консультациялык фирмалардын, подрядчылардын, жеткирүүчүлөрдүн адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик мекеменин ишине кирбеген зарыл иштерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик мекеменин штатына кирбеген профилдүү адистерди, эксперттерди, инженерлерди контракттык негизде жалдоого;
- курулуш, подряддык уюмдардын ишин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоону жүргүзүүгө, зарыл болгон учурда контракттарды белгиленген тартипте бузууга;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу боюнча иштердин натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган илимий-техникалык программалардын заказчысы болууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден мамлекеттик мекеменин ишине тиешелүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кызматка мамлекеттик мекеменин филиалдарын түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6-глава. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу
13. Мамлекеттик мекемени Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
14. Мамлекеттик мекеменин директору Кызматтын коллегиясынын мүчөсү болуп саналат.
15. Директордун бир орун басары болот, ал мамлекеттик мекеменин директорунун сунушу боюнча Кызматтын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин бекитилген функциялык милдеттерге ылайык жүргүзөт. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.
16. Мамлекеттик мекеменин директору, директорунун орун басары жана кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналбайт. Эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
17. Директор:
- мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- мамлекеттик мекеменин бардык финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген иштерди аткаруу үчүн келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коёт жана түзөт, техникалык адистерди, эксперттерди, инженерлерди жалдайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- ишеним катсыз мамлекеттик мекеменин атынан иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик мекеменин түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү үчүн Кызматка киргизет;
- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- мамлекеттик мекеменин филиалдары жөнүндө жоболорду жана алардын ички иш тартибин бекитет;
- мамлекеттик мекеменин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү
18. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана мамлекеттик мекеменин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
19. Мамлекеттик мекеменин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- гранттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
20. Мамлекеттик мекеменин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
21. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
22. Мамлекеттик мекеменин иши токтотулган учурда, документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.