Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-июну № 332
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- 26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
"8-1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ишкананын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;";
- 30-пункттун 9-пунктчасында "ишкананын жетекчисинин" деген сөздөр "мамлекеттик башкаруу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункттун 2, 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ишкананын жетекчисинин ишин баалоонун жана ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча ишкананын жетекчисинин орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонууга;";
- 42-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Жетекчинин бир же бир нече орун басары болушу мүмкүн, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |