Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
26-февраль 2025-жыл №29-4/15
Жер тилкелерин алмаштырууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы Т.К.Жумакадыровдун, 2025-жылдын 24-февралындагы чыг:№01-11/84 катын карап талкуулап, жана Камчыбек Уметалиевдин арызын эске алып, жер тилкелерин алмаштыруу боюнча «Каракол шаарындагы жер тилкелеринин чектелген мʏлктʏк укуктарды, менчик укугун берʏʏ жѳнʏндѳ» туруктуу иштеген ведомостволор аралык жер комиссиясынын 2025-жылдын 18-февралындагы №4 протоколдук чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына «Арашан» айыл чарба ʏрѳѳнчʏлʏк жана дары чѳптѳрдʏ ѳстʏрʏʏ кооперативине караштуу 1,2161 га жер тилкесин, Карасаев н/ж дарегинде жайгашкан ЗОСВИЛАРдын мурдагы аймагынан 27 гектарынын ичинен 1,26 га эквиваленттʏʏ муниципалдык жер тилкесине, «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин узартуу ʏчʏн алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, «Каракол» эл аралык аэропортуна жер тилкелерин алмаштыруу жана ѳткѳрʏп берʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков