Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
ТОКТОМ
26-февраль 2025-жыл №29-4/16
Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына административдик имарат жана кѳп кабаттуу ʏй куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы Т.К.Жумакадыровдун, 2025-жылдын 26-февралындагы чыг:№01-11/85 катын карап талкуулап, жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэри Э.А.Айсаракуновдун жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ маалыматын эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына административдик имарат жана кѳп кабаттуу ʏй куруу ʏчʏн, Каракол шаарынын «Восход» кичирайонунун паркынын аймагынан 0,5 га жер тилкесин бѳлʏп берʏʏгѳ уруксаат берилсин.
2. Р-4 зонасынын (рекреациялык жана ландшафттык аймактардын зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, «Восход» кичирайонунун паркында жайгашкан, аянты 0,5 га болгон жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердʏʏлʏктʏн аймагы зонасы) зонасына которулсун.
3. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы бардык укук берʏʏчʏ документтерди даярдап, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасына тапшырсын.
5. Каракол шаарынын мэриясы, Ысык-Кѳл областтык прокуратурасынын жаңы имараты бʏткѳрʏлгѳндѳн кийин, Кыштобаев №64 дарегинде жайгашкан жанаша аймагы бар имаратты муниципалдык менчикке кабыл алсын.
6. 2025-жылдын 1-мартынан баштап, Каракол шаарынын парк аймактарына, шаардын скверлерине жана рекреациялык-ландшафттык аймактарына административдик имараттарды куруу ʏчʏн муниципалдык жер тилкелерин берʏʏгѳ тыюу салынсын.
7. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтом ММКларда жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков