Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 194
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)
Суу ресурстарын башкаруу маселелерин оперативдүү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 13-пунктта "суу менен камсыздоо боюнча геологиялык чалгындоо жана гидрогеологиялык жумуштарды аткаруу" деген сөздөр "издөө-чалгындоо жумуштарын аткаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттун 5-пунктчасында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пунктта:
- 1-пунктчанын жетинчи абзацында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |