Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 3
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасы Ф.Юсуповдун КР Президентинин Жарлыгына ылайык өтүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана айыл аймактарынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасынын негизинде курултайды өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2.Жумушчу топтун курамына – курултайды өз убагында жана сапаттуу өткөрүү боюнча толук жоопкерчилик жүктөлөт.
3.Жергиликтүү курултайды тиркемедеги графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу өткөрүү - уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кеңештин иши, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комис- сиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |
Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын №3 токтомуна 1-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
жумушчу тобу:
1. Юсупов Фаррух Фахриддинович – кеңештин төрагасы, уюштуруу тобунун төрагасы;
2. Топчубаева Сурмакан Турсиналиевна – кеңештин катчысы, уюштуруу тобунун катчысы
Уюштуруу тобунун мүчөлөрү:
1. Абдимоминов Имронбек, Хакимова Мукадамхон, Ахмаджанов Султанбек – (Кашкар-Кыштак айылынын) жерг.кен.депутаттары жана айыл башчы
2. Токтобаева Гулийпа – (Мөнөк, Анжиян маала) жерг.кен.депутаты жана айыл башчы
3. Матраимова Раймакан – (Кенжекул,Тажик маала) жерг.кен.депутаттары жана айыл башчы
4. Орунбаева Жазигул,Искендерова Жылдызкан – (Жар-ооз, Кайрагач) жерг.кен.депутаты жана айыл башчы
5. Зарипбек уулу Бекболсун – (Бекжар, Алгабас) жерг.кен.депутаттары жана айыл башчы
6. Акимов Бекназар – (Ак-Таш, Барак) жерг.кен.депутаты жана айыл башчы
7. Карабаева Жумагул – ( Жылкелди) жерг.кен.депутаты жана айыл башчы
Ала-Тоо айылдык
кеңешинин катчысы: С.Топчубаева
Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрь кезектеги I - сессиясынын №3 токтомуна
2-тиркеме
№
|
Аткарылуучу иш чаранын мазмуну
| Өткөрүү убактысы | Уюштуруучулар |
1. | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларын түзүү | 2024-жылдын 2-декабрына чейин | Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү |
2. | Иштөө тартиби боюнча жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутууларды өткөрүү |
2024-жылдын 3-декабрында | Уюштуруу комитети |
3. | Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү | 2024-жылдын 4-5-декабрда | Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү |
4. | Жергиликтүү кеңешке жергиликтүү курултайлардын делегаттарын жыйындардын, чогулуштардын протоколдору жана делегаттардын анкеталары менен берүү | 2024-жылдын 6-декабрына чейин | Уюштуруу комитети |
5. | Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү | 2024-жылдын 7-декабры (ишемби) | Айылдык кеңеш, уюштуруу комитети |
Ала-Тоо айылдык
кеңешинин катчысы: С.Топчубаева