Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-июну № 335
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 204 "2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 204 "2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024-2030-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 2.1-пункттун бешинчи сабы, 2.2-пункттун алтынчы сабы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |