Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-июну № 339
Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге кошумча кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге кошумча кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 12-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 914 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |