Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-июну № 116
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 452-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:
"27) Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзүүгө жана белгиленген тартипте башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берүүгө.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 21-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |