Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу үчүн аткаруу органдарынын ишин координациялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жободо:
- 14-пунктта:
бешинчи абзац "аларга карата" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангындагы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигин андан ары кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет;";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары рангында Министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Суу ресурстары кызматын, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматты, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматын жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматын кошпогондо, Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, орун басарларын жана адистерин кызмат ордуна дайындоого макулдук берет.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 3-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ
Эскертүү:
1. Тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (мындан ары - ЖМА) аппаратынын түзүмү ушул типтүү түзүмдүн негизинде ЖМАнын башчысынын тескемеси менен бекитилет.
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталышы ЖМАнын аппаратынын түзүмүн бекитүүдө ушул типтүү түзүмдө каралган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн багыттарын сактоо менен ЖМА тарабынан өз алдынча аныкталат.
3. Кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин саны белгиленген ченемдерге ылайык ЖМАнын тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде аныкталат.
(*) - негизги персоналы 15 штаттык бирдиктен ашкан ЖМАда тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде башкы адистердин/жетектөөчү адистердин/адистердин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн штаттык бирдиктеринин минималдуу ченемдерин сактоо менен дагы бир түзүмдүк бөлүм түзүлөт.
4. ЖМАнын аппаратынын жалпы штаттык санынын чегинин эсеби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары рангында - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун эсепке албастан белгиленет.
ЖМАнын орун басары рангында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги:
- агроөнөр жай комплекси, кайра иштетүү өнөр жайы, суу ресурстары маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдө көзөмөлдөөнү жана координациялоону жүргүзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жер ресурстарын кошпогондо, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жана жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө маселелер боюнча ЖМАда түзүлгөн комиссияларда төрагалык кылбайт.".