Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
26-февраль 2025-жыл №29-4/13
Каракол шаардык Кенешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы №28-19/2 «Каракол шаарында катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү» жөнүндөгʏ токтомуна толуктоолорду киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 4-февралындагы чыг:№01-17/401 жана КСТжКК директору Б.К.Мамбеталиевдин, 2024-жылдын 31-декабрындагы, чыг.№01-3/51, Каракол шаарынын МТУ №8 (Чельпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу) аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу ʏчʏн тарифтерди теңдѳѳ зарылчылыгы жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын IV сессиясы,
Токтом кылат:
1. Каракол шаардык кенешинин, 2022-жылдын 9-ноябрындагы №28-19/2 «Каракол шаарында каттуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү» жөнүндөгү токтомунун 1-пунктуна, «каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин» деген сөздөрдөн кийин, «Каракол шаарынын №8 (Чельпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу) аймактык башкармалыгы» деген сөз менен толукталсын.
2. 2025-жылдын 1-мартынан баштап, тарифтин негизинде, Каракол шаарындагы МТУ №8 (Чельпек, Бурма-Суу, Таш-Кыя) аймагындагы каттуу таштандыларын ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн жыйымдар алынсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага А.А Сапарбеков