Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-майы № 254
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө
Улутту сактоо жана санын көбөйтүү, демографиялык процесстерди жөнгө салуу, эгемендүүлүктү камсыз кылуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун башкы булагы катары адам потенциалынын жана эмгектин ролун түшүнүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте демографиялык саясат жаатында эксперттерди тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топту түзсүн жана алты айлык мөөнөттө 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясынын биринчи этабын (2026-2030-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |