Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-майындагы № 254 токтомуна) |
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасын демографиялык өнүктүрүү жаатындагы максаттар, негизги багыттар, артыкчылыктуу милдеттер чагылдырылган, узак мөөнөттүү келечекти көрүү менен өнүгүүнүн алкактуу моделин аныктоочу документ болуп саналат. Концепция социалдык-экономикалык тенденциялардын, демографиялык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн, улуттун маданий биримдигинин, эл аралык кырдаалдын, Кыргыз Республикасынын калкынын саны жаатындагы болжолдоолордун негизинде даярдалды.
Концепция 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибин эске алуу менен иштелип чыкты.
Концепция менен 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын максаттары, принциптери, милдеттери жана артыкчылыктары аныкталат.
1. Кыргыз Республикасындагы учурдагы демографиялык абалды талдоо
Совет мезгилинде калктын саны жаатында жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат калкты социалдык жактан коргоо системасынын механизмдеринин жардамы менен өлүмдүн кыскарышына жана жашоо узактыгынын өсүшүнө өбөлгө түзгөн, төрөлүүнүн төмөндөө процессин жайлаткан. 1991-жылдан тартып демографиялык өнүгүү маселелерин чечүү улуттук башкаруунун карамагына өткөн.
Калктын саны. 1992-жылдын башында Кыргыз Республикасынын калкынын саны 4,5 млн. адамды түзгөн. Андан кийинки социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр калктын жаш курагы боюнча түзүмүнө, санына жана улуттук курамына таасирин тийгизди. Эмиграция, төрөттүн төмөндөшү, өлүмдүн өсүшү 1990-жылдардагы калктын динамикасын аныктоочу факторлор болгон.
2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган калктын саны 6,9 млн. адамды түзгөн. 2009-жылдагы жана 2022-жылдагы эл каттоолордун ортосунда туруктуу калктын саны 1,6 млн. адамга көбөйгөн же 29,3 пайызга өскөн. Шаар калкынын саны 581 миң адамга көбөйүп, 2,4 млн. адамды түзгөн, айыл калкынын саны 992,3 миң адамга көбөйүп, 4,5 млн. адамды түзгөн.
Калктын иш жүзүндөгү жыштыгы жашоого жарактуу гана аймактарды эске алганда болжол менен 85 адам/км2 туура келет. Олуттуу миграциянын агымына карабастан калктын санынын өсүшү улана берген. Эл каттоолордун ортосунда калктын орточо өсүү темпи 2,0 пайызды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, ошондой эле ички миграциялык процесстердин натыйжасында калк эки региондо топтолгон:
- Бишкек шаарын жана ага чектеш Чүй облусунун администрациялык райондорун камтыган борбордук регион;
- Ош - Жалал-Абад огунда жайгашкан Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгү.
Кыргыз Республикасы - көп этностуу мамлекет, анда 100дөн ашык этнос жашайт, анын ичинде кыргыздар - 77,5 пайыз, өзбектер - 14,2 пайыз, орустар - 4,1 пайыз, дунгандар - 1,0 пайыз, тажиктер - 0,9 пайыз, уйгурлар - 0,4 пайыз жана башка этностук топтор - 1,9 пайыз.
Өлкөнүн калкынын жыныстык жана жаш курагы боюнча түзүмү жаштардын жана балдардын жогорку үлүшү, эмгекке жарамдуу курактагылардын олуттуу үлүшү жана улгайган курактагы топтогу калктын төмөнкү үлүшү менен мүнөздөлөт. Облустук деңгээлде шаар жана айыл калкы боюнча жыныстык жана жаш курагы боюнча өзгөрүүлөр айыл жеринен шаар жерине көчкөн ички миграциянын эсебинен көбүрөөк байкалат.
Кыргыз Республикасынын калкынын курактык түзүмүнүн акырындык менен өзгөрүшү байкалууда, атап айтканда, демографиялык толкундардын динамикасынан (1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун, 1985-1990-жылдардагы алкоголго каршы өнөктүктүн таасири, 1990-2000-жылдары төрөлүүнүн кескин төмөндөшү), тышкы миграциядан, репродуктивдик жүрүм-турумдан ж.б. улам.
Төрөлүү. Кыргыз ССРинде төрөлүү деңгээли СССРдеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон. 1989-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча 50 жашка чейинки бир аялга орточо 3,3 төрөлгөн бала туура келген. 1990-жылдардагы олуттуу миграциялык агымдарга, ошондой эле 2000-2010-жылдардагы экономикалык миграцияга карабастан төрөлүүнүн жогорку деңгээлинин уланышы калктын санынын тез өсүүсүн камсыз кылды.
Шаар жана айыл калкы боюнча төрөлүү деңгээлинде олуттуу айырмачылык байкалат. 2009-жылдагы жана 2022-жылдагы эл каттоонун аралыгындагы мезгилде төрөлүүнүн жалпыланган коэффициенти өзгөрүлгөн жок жана 2,88 жана 2,89 түздү. Ошону менен бирге, бул мезгилде төрөлүүнүн жалпыланган коэффициентинин 2014-2015-жылдары 3,19 чейин өсүшү, 2022-жылы акырындык менен 2,81 чейин төмөндөшү белгиленген.
Салттуу түрдө балдардын эң көп саны 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдар тарабынан төрөлөт, бирок акыркы жылдарда аялдардын бардык жаш топтору боюнча аялдардын төрөтү кыскарганы байкалууда. Кыргыз Республикасында никесиз төрөлгөн балдардын үлүшү 2009-жылы 31,0 пайыздан 2021-жылы 18,5 пайызга чейин дээрлик туруктуу төмөндөгөн, бирок 2022-жылы 23,3 пайызга чейин олуттуу өскөн. Бул өсүш толугу менен ата-энелердин биргелешкен арызынын негизинде катталган төрөлгөндөрдүн үлүшүнүн олуттуу өсүшү менен шартталган. Өз кезегинде, энесинин арызы боюнча каттоого алынган никесиз төрөлгөн балдардын үлүшү 2022-жылы 6,4 пайызга чейин кыскарган, бул 2009-жылдагы көрсөткүчтөн (14,0 пайыз) дээрлик 2,2 эсеге аз.
Белгилей кетсек, калктын жөнөкөй көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн төрөттүн жалпы коэффициенти 2,1 баладан кем эмес болушу керек. Ошентип, Кыргыз Республикасында бир аялга 3кө жакын баланы түзүү менен калктын кеңейтилген өсүүсү камсыздалууда.
Ден соолук жана өлүм. 2009-жылдан 2022-жылга чейин калктын күтүлгөн жашоо узактыгы 69,1 жаштан (эркектер - 65,2 жаш, аялдар - 73,2 жаш) 71,9 жашка чейин жогорулады (эркектер - 68,0 жаш, аялдар - 76,3 жаш). Бул мезгилде жашоо узактыгындагы гендердик ажырым жогорулап, орточо эсеп менен аялдардын пайдасына 8,2 жылды түздү (оптималдуу ажырым - 4-5 жыл).
2009-2022-жылдары Кыргыз Республикасында өлүмдүн санынын туруктуу төмөндөшү уланган - 35,9 миңден 31,4 миң адамга чейин. Бул жаш калктын үлүшүнүн көбөйүшү, жашоо узактыгынын өсүшү, өлкөдөгү социалдык жана экономикалык кырдаалдын жакшырышы менен шартталган калктын жыныстык жана жаш курагы боюнча түзүмү менен түшүндүрүлөт.
Бирок COVID-19 (2020-2021-жж.) пандемиясы мезгилинде өлүмдүн абдан көп болушу байкалган, бул мезгилде тиешелүүлүгүнө жараша 40,0 миң жана 38,9 миң адам каза болгон.
Өлүмгө учуроодогу айырмачылыктар шаардык жана айылдык калктын деңгээлинде байкалган. 2009-2022-жылдардагы сереп көрсөткөндөй, шаар калкынын өлүмүнүн деңгээли айыл калкына караганда жогору. Жалпысынан 2009-жылдагы жана 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктары боюнча шаар калкынын 7,3төн 4,9га чейин жана айыл калкынын 6,4төн 4,3га чейин өлүмдүн салыштырмалуу көрсөткүчүнүн кыскарышы байкалат.
Кыргыз Республикасындагы өлүмгө учуроолор гендердик айырмачылыктар менен мүнөздөлөт. Эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин өлүмү эң жогорку көрсөткүчтү түзөт жана аялдардын өлүмүнөн дээрлик үч эсе ашат, бул жаракат алуунун жогорку деңгээли жана өзүн-өзү сактоочу жүрүм-турумдун жоктугу менен байланышкан (жол-транспорт кырсыктары, кан айлануу системасынын ооруларынан келип чыккан өлүмдөр, жашоо образы менен байланышкан, стресстин таасири, жашоо турмуш деңгээлинин жана сапатынын төмөндөшү).
Өлүмдүн деңгээлинин азайышындагы оң өзгөрүүлөр негизги себептерден келип чыккан өлүмдүн азайышы менен шартталган (кан айлануу системасынын, дем алуу органдарынын, тамак сиңирүү органдарынын оорулары, жаракат алуу, уулануу жана перинаталдык мезгилде пайда болгон айрым оорулар жана башка тышкы таасирлердин кесепети). Кыргыз Республикасы ымыркайлардын, балдардын жана эненин өлүмүн кыскартууда кандайдыр бир ийгиликтерге жетишти.
Төрөткө чейинки, төрөт учурундагы, төрөттөн кийинки мезгилде аялдардын анемия оорусунун жогорку көрсөткүчү сакталууда, бул болсо ар кандай мүнөздөгү оорулардын өөрчүп кетишине, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна таасирин тийгизет.
2009-2022-жылдары республикада калктын өлүмүнүн негизги себептери болуп кан айлануу системасынын оорулары, шишик оорулары, өлүмдүн тышкы себептери, тамак сиңирүү органдарынын, дем алуу органдарынын оорулары бойдон калууда.
2009-2022-жылдары Кыргыз Республикасында оорулардын жалпы саны акырындык менен көбөйүү тенденциясында болгон. Бул мезгил аралыгында ооругандардын саны 2581,3 миңден 2881,7 миңге чейин көбөйгөн (дем алуу органдарынын, тамак сиңирүү органдарынын, кан айлануу системасынын ооруларынын, кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги оорулардын көбөйүшү).
Никелешүү, ажырашуу, үй-бүлө (үй чарбалары). Эл каттоолордун аралыгында никеге тургандардын саны 47,6 миңден 48,2 миңге чейин өскөн. Мында шаар калкынын арасында никеге тургандардын саны азайып, айыл калкынын арасында никеге тургандардын саны өскөн. Эл каттоо мезгилдеринин аралыгында 2009-жылдан 2014-жылга чейин 106 миң эркек жана аял никеге турган, ал эми 2016-2022-жылдары 94 миң эркек жана аял никеге турган. Расмий түрдө катталган никелердин төмөндөө санынын динамикасы демографиялык толкундардын олку-солкулугун (көп сандагы жана аз сандагы топтордун), кечирээк куракта никеге туруу ж.б. чагылдырат.
2009-2022-жылдары Кыргыз Республикасында расмий түрдө ажырашкандардын саны мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу жалпысынан 5 миңге көбөйгөн. Ажырашуулардын санынын өсүшү ойлонбой жана шашылыш түрдө эрте никеге туруунун кесепеттери менен түшүндүрүлөт. Мында 2009-2015-жылдары ар бир алтынчы нике бузулган, ал эми 2016-2022-жылдары ар бир төртүнчү нике бузулган.
Ажырашкандардын арасында аялдар менен эркектердин ажырашууда жүргөн мөөнөтүнүн узарышы, ошондой эле ажырашкандардын арасында кайра жаңы никеге тургандардын санынын азайышы сыяктуу тенденциялар байкалган. Муну үй-бүлөнүн туруктуулугунун, үй-бүлөлүк жашоонун баалуулугунун төмөндөшү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун өсүшүнүн белгиси катары кароого болот.
2009-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча үй-бүлөлөрдүн орточо көлөмү 4,7 адамды, шаар жана айыл калкы боюнча тиешелүүлүгүнө жараша 3,8 адамды жана 5,2 адамды түзгөн. Облустук деңгээлде үй-бүлөлөрдүн саны түштүктө 3,9 адамдан 5,5 адамга чейин, түндүктө 3,3 адамдан 5,0 адамга чейинки көрсөткүчтү түзгөн.
2022-жылдагы эл каттоого ылайык үй-бүлөлөрдүн орточо өлчөмү 4,9 адамды түзгөн. Мында шаар жана айыл калкы боюнча үй-бүлөдөгү адамдардын саны тиешелүүлүгүнө жараша 4,2 адамды жана 5,4 адамды түзөт. Облустук деңгээлде үй-бүлөдөгү адамдардын саны түштүктө 4,8 адамдан 5,9 адамга чейин, түндүктө 3,9 адамдан 5,6 адамга чейинки көрсөткүчтү түзгөн.
2022-жылдагы эл каттоого ылайык калктын санынын өсүү темпи (29,3 пайыз) үй-бүлөлөрдүн өсүү темпинен (22,6 пайыз) алдыга чыккан, мында үй-бүлөлөрдүн орточо көлөмү 5,0 адамдан 4,9 адамга чейин азайган.
Төрөлүүнүн жогорулашынын натыйжасында көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү байкалат. Бирок миграциянын, эмгекке жарамдуу эркектердин өлүмүнүн жана ажырашуулардын көптүгүнө байланыштуу толук эмес үй-бүлөлөрдүн жана жалгыз бой адамдардын саны өсүүдө. Кыргыз Республикасында жалгыз бой үй чарбалары эмгекке жарамдуу жаштагы адамдардан турат, булар биринчи кезекте экономикалык көз карандысыздыкка жетүүнү көздөшөт жана никеге турууга шашылышпайт.
Калктын миграциясы. Миграциялык процесстер Кыргыз Республикасында жана анын региондорунда калктын курамынын жана санынын динамикасын өзгөртүүнүн олуттуу факторлорунун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча тышкы миграцияда бир миллиондон ашуун Кыргыз Республикасынын жарандары жүрөт, анын ичинде 2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча 964,6 миң адам эмгек миграциясына камтылган.
Кыргыз Республикасынан барган мигранттарды кабыл алган негизги өлкөлөр болуп Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Корея Республикасы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа бирлигинин өлкөлөрү жана башка өлкөлөр саналат.
Эмгек миграциясы процессинин эң активдүү катышуучулары болуп 18 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жарамдуу калк эсептелет. Экономикалык кырдаал аялдарды эмгек миграциясына тартууда. 2011-жылдан тартып миграцияда жүргөн аялдардын санынын эркектердин санынан туруктуу ашуусу байкалууда. 2017-2018-жылдары бул жогорулоо эркектердин миграциясынын 34 пайызына каршы 66 пайызына чейин жеткен. Миграциялык процесстердин феминизациясы үй-бүлөлүк мамилелердин салттуу ыкмасынын өзгөрүшүнө, аялдардын коомдогу ролунун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстер экологиялык себептер - кургакчылык, суунун жетишсиздиги, айлана-чөйрөгө антропогендик таасир, айыл чарбасын жүргүзүү үчүн ресурстук базанын түгөнүшү жана эл жашаган аймактардын техногендик булганышы менен да шартталган.
Миграция ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын санынын өсүшүн шарттайт, жашы жете электерге карата жана жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны өсүүдө, мигранттардын балдары башкаларга караганда зомбулукка көбүрөөк кабылышат, катаал мамилеге жана кароосуз калууга көбүрөөк дуушар болушу мүмкүн. Өлкөдө ата-энесинин бири же экөө тең эмгек миграциясында жүргөн балдардын мууну өсүп чыкты. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылы өлкөдө ата-энесинин кароосу жок 92 миңден ашуун бала болгон.
Эмгекке жарамдуу калктын санынын өсүшү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте миграциялык процесстердин күчөшүнө таасирин тийгизет.
2. Кыргыз Республикасында калктын санынын өсүшүнүн динамикасынын перспективалары
Узак мөөнөттүү мезгилде өлкөдөгү калктын санынын өсүшү уланат жана орточо божомол боюнча 2040-жылга карата 8,4 миллионго жакын адамды түзөт. Ошол эле учурда калктын өсүү темпи басаңдайт.
Кыргыз Республикасы аны менен чектеш өлкөлөрдүн ичинен калкы эң аз мамлекет болуп кала берет. БУУнун болжолдоолоруна ылайык 2040-жылга карата калктын саны Кытай Эл Республикасында - 1,4 млрд. адамга чейин, Казакстан Республикасында - 23,3 млн. адамга чейин, Өзбекстан Республикасында - 42,1 млн. адамга чейин, Тажикстан Республикасында 13,4 млн. адамга чейин өсөт.
Фергана өрөөнүнүн кыргыз бөлүгүнө салыштырганда (42,3 адам/км2) тажик бөлүгүндө (105,5 адам/км2) жана өзбек бөлүгүндө (514,2 адам/км2) калктын жыш жайгашуусу жана коңшу өлкөлөрдөгү демографиялык өсүш, аларга Кыргыз Республикасынын жашоо мейкиндигин жана ички эмгек рыногун жагымдуу кылат. Узак мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасы коңшу өлкөлөрдүн демографиялык жана миграциялык басымына дуушар болот.
2040-жылга карата Кыргыз Республикасынын калкынын жаш курактык түзүмү жаштар жана улуу курактагы топтордун үлүшүнүн өсүшү менен өзгөрөт.
2040-жылдан тартып 65 жаш курактагы жана андан улуу курактагы калктын өсүшү тездейт. Улгайган курактагы калктын санынын өсүшү менен балдардын жана жаш курактагы калктын үлүшү азаят. Бул процесс эмгекке жарамдуу калк үчүн демографиялык оордуктун олуттуу жогорулашына алып келет. Пенсиялык оордук коэффициенти 2020-жылы 7,6дан 2040-жылы 11,8ге чейин өсөт.
Өлкөдө калктын түзүмүнүн калыптанган өзгөчөлүктөрүнөн улам демографиялык мүмкүнчүлүктөрдүн боштугу байкалууда. 2025-2040-жылдары демографиялык толкундун таасиринен улам эмгекке жарамдуу курактагы калктын үлүшүнүн өсүшү байкалат, ал эми ага демографиялык жүк мүмкүн болушунча күчтүү бойдон калат.
Тийиштүү социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү жана эмгекке жарамдуу жаш муундарга инвестиция салуу демографиялык дивиденд алууга мүмкүндүк берет. Бул топтолгон адам капиталын сарамжалдуу пайдалануу шартында алынган натыйжа болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө алып келет.
Кыргыз Республикасындагы демографиялык дивиденд экономиканы өнүктүрүүгө инвестиция салуу жана үй-бүлөлөрдү социалдык камсыздоо, керектөөнү көбөйтүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу факторлордун эсебинен иш жүзүндөгү экономикалык өсүштү тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Өлкөнү өнүктүрүүнүн учурдагы экономикалык модели демографиялык боштук үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү толук түрдө түзүп бере албайт. Бул үчүн адамдык капиталды көбөйтүү жана аны ички эмгек рыногунда пайдалануу боюнча шарттарды түзүү зарыл.
Мамлекеттик башкаруу системасы узак мөөнөттүү стратегиялык документтерде ар бир жаш категориясы үчүн тиешелүү саясатты ыңгайлаштыруу жагынан жаш категориялары боюнча бул өзгөрүүлөрдү эске алышы керек.
Ресурстарды (жер, суу, жер казынасы) сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзгөн урбанизация аркылуу калкты мейкиндикте компакттуу жайгаштыруу айыл чарба жерлерине жана айлана-чөйрөгө болгон басымды азайтат.
Кыргыз Республикасынын облустары боюнча калктын санынын өсүшү. Жакынкы келечекте калктын санынын таза өсүшү олуттуу бойдон калып, болжол менен жылына 100 миң же андан көп адамды түзөт. Болжолдуу баалоолорго ылайык Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын калкынын саны эң жогорку темпте өсөт. Бул региондордо калктын тез өсүшү калк топтолгон жерлердин экологиялык абалына жана айдоо аянттарынын кыскарышынан улам айыл чарбасына, демек, бүтүндөй республиканын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу рельефи калктын бир калыпта жайгашуусу үчүн кыйынчылыктарды жаратат. Калктын санынын өсүшү айлана-чөйрөгө оорчулук жаратат, өлкөнүн ичинде калктын активдүү көчүүсү, анын ичинде айыл жеринен шаар жерине көчүүсү уланат.
Аталган процесстер калктын мейкиндикте натыйжалуу жайгашуусун, жашоону камсыз кылуучу инфраструктураны, эмгек рыногун кеңейтүүнү, социалдык чөйрөгө кошумча инвестицияларды жана калктын жашоо деңгээлин кармап турууга кеткен чыгымдарды издештирүүнү талап кылат.
Төрөлүү. 2010-жылдарда төрөлүүнүн өсүшү менен ымыркай балдардын, кош бойлуу аялдардын, төрөгөн аялдардын, төрөттөн кийинки мезгилдеги аялдардын ден соолугунун көйгөйлөрү чечилген жок.
Төрөлүү көрсөткүчтөрүнүн алдыда боло турган өзгөрүүсү социалдык-экономикалык, саясий, демографиялык, маданий факторлор, коомдун жаңылануу темптери менен шартталган. Төрөлүүнүн төмөндөшү урбанизация, калктын айылдан шаарга көчүүсү, үй-бүлөнү пландоо, аялдардын эмгек рыногунда иштөөсү, алардын билим алуусу менен байланыштуу болот. Демек, аялдар менен эркектердин никеге туруусу кечирээк болот, бул болсо биринчи баланын төрөлүшүн пландоого таасирин тийгизет.
Болжолдоолорго ылайык узак мөөнөттүү келечекте салттуу түрдө төрөлүү көрсөткүчү жогору болгон этностук топтордун арасында төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү шексиз (кыргыздар, өзбектер, дунгандар, тажиктер). 2040-жылга карата Кыргыз Республикасында кырсыктар болбосо (согуш, эпидемия, табигый кырсыктар) төрөлүү көрсөткүчү калктын кайра жаралып турушунун жөнөкөй көрсөткүчүнөн төмөн болбойт (2,15).
Төрөлүүнүн азайышы менен үй чарбаларынын/үй-бүлөлөрдүн саны да кыскарат. Кыргыз Республикасында орточо 2,0-2,5 баласы бар үй-бүлөлөр басымдуулук кыла баштайт. Урбанизациянын, жашоо образынын жана репродуктивдүү негиздердин жана дүйнөлүк тенденциялардын өзгөрүшүнүн кесепетинде чоң үй-бүлөдөн нуклеардык үй-бүлөгө өтүү уланат, эгалитардык үй-бүлөнүн моделдеринин саны көбөйөт, үй-бүлөлүк мамилелердин алкагында аялдардын ролу олуттуу өзгөрөт.
Ден соолук, жашоо узактыгы жана өлүм. Базалык (инерциялык) демографиялык сценарийге ылайык 2040-жылга карата өлүмдүн терс тенденцияларын жоюунун эсебинен эркектердин төрөлгөндөгү жашоо узактыгы 77 жашка, аялдардыкы 82 жашка чейин жогорулайт.
Жашоо узактыгынын жогорку деңгээлине жетүү адамдын жана коомдун жүрүм-турум аспекттеринин өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Туура эмес жашоо образын жүргүзүү жугуштуу эмес өнөкөт оорулардын себеби болуп саналат. Бул оорулар негизинен төрт жүрүм-турум факторуна байланыштуу: алкоголдук ичимдиктерди ыксыз пайдалануу, тамеки тартуу, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги. Жашоо узактыгын жогорулатууга экономикалык өсүштүн салымына караганда саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы чаралардын салымы да негизги жана алда канча маанилүү болуп саналат.
2040-жылга чейин республиканын калкынын ден соолугун чыңдоо жана жашоо узактыгын жогорулатуу саясатынын негизги милдеттеринин арасында балдардын, улуу курактагы калктын, ошондой эле эмгекке жарамдуу курактагы эркектер менен аялдардын өлүмүнүн көп болуусун аныктоочу факторлорду азайтуу болуп саналат. Концепциянын милдеттеринде белгиленген калктын өлүмүн кыскартуу жана жашоо узактыгын 79 жашка чейин жогорулатуу, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылмайынча жана өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин жакшыртмайынча мүмкүн эмес.
Келечекте Кыргыз Республикасында өлүмдүн төмөндөшүнүн динамикасы саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын ишинен гана эмес, ошондой эле мамлекеттин адамга багытталган саясатына, анын коомдогу өзүн-өзү сактоо жүрүм-турумуна багытталган баалуулук багыттарын колдоого жараша болот.
Калктын ден соолугун чыңдоо жана өмүрүн узартуу боюнча саясат балдардын, ошондой эле жаш эмгекке жарамдуу курактагы эркектер менен аялдардын жана улгайган калктын өлүмүнүн жогорку деңгээлин аныктоочу тобокелдик факторлорун контролдоого багытталууга тийиш.
Никелешүү жана ажырашуу. 2040-жылга карата 2010-2020-жылдары төрөлгөн эң көп сандагы муун никеге тура баштайт, алардын саны 1800 миңге жакын адамды түзөт, бул болсо никеге тургандардын санынын өсүшүнө таасирин тийгизет.
Ааламдашуу, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр, диний фактордун ыктымалдуу таасири, урбанизациянын өсүшү, аялдардын өз алдынчалуулугунун жогорулашы никелешүү мамилелеринин трансформациясына жана калктын никеге туруу жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө алып келет. Бул бир жагынан, аялдар менен эркектердин ортосунда катталбаган жана расмий эмес жуптардын санынын көбөйүшүнө, экинчи жагынан, диний ырым-жырымдардын негизинде үй-бүлө курууга алып келиши мүмкүн.
Нике мамилелеринин туруктуулугуна калктын жашоо бакубаттуулугунун жогорулашы, негизинен эмгекке жарамдуу курактагы жана андан улуу эркектердин өлүмүнүн азайышы, никеге туруудан улам канааттануунун психологиялык факторлору таасир этет.
Ажырашуу динамикасы, анын ичинде катталбаган жуптардын арасында да социалдык-экономикалык, маданий жана психологиялык өзгөрүүлөргө жараша болот. Ажырашуулардын саны никеге турган же өнөктөштүк жуп мамиле түзгөн муундардын санына жараша да аныкталат.
Калктын миграциясы. Миграциялык процесстер орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын калкынын санына, анын жыныстык-курактык түзүмүнө, этникалык курамына жана аймактык өнүгүүсүнө таасирин тийгизет. Депопуляция жана/же эмгек ресурстарынын жетишсиздиги байкалган өлкөлөр миграциялык саясаттын активдүү чаралары аркылуу Кыргыз Республикасынан эмгекке жарамдуу курактагы квалификациялуу адистерди өздөрүнө тартат. Мамлекеттин кийлигишүүсү болбогон учурда (социалдык-экономикалык, маданий, саясий факторлор) калктын өлкөдөн инерция менен миграциялык чыгып кетүүсү сакталат.
Кыска жана орто мөөнөттүү мезгилде калктын өлкөдөн миграциялык агымынын негизги фактору болуп эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын өсүшү саналат. Жумушсуздук, сапатсыз жумуш орундары, эмгек акынын төмөндүгү, чет өлкөлүк жумушчу күчүнө болгон муктаждык жана реципиент-өлкөлөр тарабынан жагымдуу эмгек шарттарынын түзүлүшү тышкы эмгек миграциясы үчүн кошумча түрткү берүүчү факторлор болуп калат.
Көпчүлүк эмгек мигранттары үчүн чет өлкөгө чыгуу - калган үй-бүлөсү үчүн жашоо деңгээлин жогорулатуунун узак мөөнөттүү стратегиясы болуп саналат. Азыркы учурда эмгек миграциясына чыгуу чечими потенциалдуу эмгек мигрантынын аң-сезимдүү тандоосу болуп саналат. Тышкы эмгек миграциясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүү траекториясына таасир этүүчү туруктуу жана узак мөөнөттүү фактор болуп эсептелет.
Квалификациялуу кадрлардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн ооздуктоо максатында ички эмгек рыногунда саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөсүндөгү адистердин кирешелерин көбөйтүү жана статусун жогорулатуу, экономиканын инновациялык тармактарын, интеллектуалдык кызмат көрсөтүүнү, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, жаңы өндүрүштөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл. Бул ар кандай квалификациялык деңгээлдеги кызматкерлерди ишке тартат. Өлкөнүн экономикасы эмгекке жарамдуу курактагы адамдар үчүн жумуш орундарын түзүп, пенсияга чыккан муундар бошоткон жумуш орундарын сактап калат.
3. Кыргыз Республикасындагы демографиялык өнүгүүнүн чакырыктары
Узак мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасы демографиялык басымга дуушар болушу мүмкүн, бул өлкөнүн өнүгүү траекториясынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн. Фергана өрөөнүндө жер жана суу ресурстарынын чектелүү болуусу, калктын санынын өсүшү коңшу өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасын көздөй калктын миграциясына алып келиши мүмкүн. Улуттук коопсуздук, калктын аймактык жайгашуусу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери курчуйт.
Улутту түзүү үчүн демографиялык чакырыктар. Кыргыздар менен өзбектердин төрөлүү көрсөткүчүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алганда калктын этникалык курамы полиэтникалык мүнөзгө ээ, мында Нарын, Талас облустарында моноэтникалык жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында эки-үч этникалык топтор менен мүнөздөлөт. Этникалык топтордун өзүнчө обочолонушу жана алардын ортосундагы байланыштын жоктугунан тышкары, этникалык топтордун өздөрүнүн ичинде дагы диний, маданий, уруулук жана башка негиздер боюнча бөлүнүү байкалат, бул болсо топтордун ортосунда ар кандай карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн.
Жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү жана жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын бирдиктүү жарандык иденттүүлүгүн түзүү ыкмасын сунуштаган 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди. Маданий, руханий өзгөрүүлөргө, жүрүм-турум мамилелерин өзгөртүүгө алып келген калктын билим деңгээлин жогорулатуу аркылуу этникалык топтордун биримдигине жетишүүгө болот.
Калктын этникалык түзүмүнүн өзгөрүшү жана коомдук түзүлүштүн светтик ченемдеринин алсырашы менен коомдун өнүгүшүнүн консервативдүү моделине алып келген динге ишенгендердин социалдык жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө диний фактордун таасири байкалууда. Динчилдиктин жогорку көрсөткүчтөрү өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында орун алууда.
Мындан ары светтик жана диний өз ара аракеттенүүнүн тең салмактуу моделин түзүү өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталышы керек. Өлкөнүн конституциялык ченемдерине каршы келбеген жана светтик принциптерге жана толеранттуулукка негизделген сапаттуу диний билим берүү системасын түзүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Үй-бүлө саясаты үчүн демографиялык чакырыктар. Келечекте үй-бүлөнү түзүүнүн моделинде да жана анын түзүмүндө да түп-тамырынан бери өзгөрүү болбой койбойт. Урбанизация жана миграция, аялдардын көз карандысыздыгынын өсүшү, жашоо образынын өзгөрүшү, билим алуунун деңгээлинин жана узактыгынын жогорулашы үй-бүлөлүк мамилелерди модернизациялоого алып келет. Коомдук мамилелердин өзгөрүшү менен үй-бүлөдө балдардын саны азаят, чоң салттуу үй-бүлөнүн ыдырашы жана жөнөкөй (нуклеардык) үй-бүлөгө өтүшү, ата-энесинин бирөөсү гана болгон үй-бүлөлөрдүн, никени каттабастан чогуу жашаган үй-бүлөлөрдүн саны көбөйөт.
Бул тенденцияларды өнүктүрүүдө мамлекеттин негизги милдети болуп ата-энени жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү жана тарбиялоо, ошондой эле балдарды үй-бүлөлүк баалуулуктарга үйрөтүү жана тарбиялоо аркылуу үй-бүлөнү бекемдөө жана салттуу баалуулуктарды сактоо болуп саналат. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды, туруктуу никени, жоопкерчиликтүү ата-энени даңазалоодо негизги ролду ойношу керек. Комплекстүү чараларды киргизүү ажырашуулардын санын азайтып, үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдайт, бул демографиялык кырдаалга оң таасирин тийгизет.
Никеге аң-сезими менен туруу маданиятын калыптандыруу, анын ичинде жаштарды үй-бүлөлүк турмушка даярдоо маанилүү ролду ойнойт.
Үй-бүлөнүн бакубатуулугун колдоо экономикалык жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу болушу мүмкүн, анын ичинде үй-бүлөлөр үчүн арзан турак жай жана салык жеңилдиктери. Иш менен камсыз кылуунун ийкемдүү түрлөрү жана социалдык кепилдиктер жумуш менен үй-бүлөлүк милдеттердин ортосундагы тең салмактуулукка өбөлгө түзүүгө тийиш.
Үй-бүлө туруктуулугунун негизги фактору катары энеликти жана аталыкты колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Болочок ата-энелерди тарбиялоонун негиздерине, баланы өнүктүрүү психологиясына үйрөтүү жана балдарды багууга биргелешип катышуу үй-бүлөлүк туруктуу мамилелердин калыптанышына өбөлгө түзөт.
Билим берүү системасы үчүн демографиялык чакырыктар. 2009-жылдан тартып 2022-жылга чейинки каттоолор ортосундагы мезгилде мектепке чейинки балдардын саны (1-6 жаш) 676,5 миңден 961,8 миңге чейин, мектеп жашындагылар (7-17 жаш) 1182,4 миңден 1551,3 балага чейин өскөн. Бул келечекте мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системасынын жүгүн оорлотот. Алдын ала баалоолор боюнча 2025-жылга карата мектепке чейинки жана мектеп окуучуларынын саны тиешелүүлүгүнө жараша 1122,3 миң адамга жана 1519,5 миң адамга көбөйөт.
Бүгүнкү күндө 6 жашка чейинки балдардын 76,0 пайызы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жеткиликтүү эмес, аларга муктаждык жылдан жылга өсөт, ал эми 2032-жылдан тартып мектеп жашындагы жана мектепке кире турган балдардын санынан улам Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына максималдуу оорчулук келет.
Мамлекет калктын мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкары сапаттуу билим берүү менен толук камтылышын жана кепилденген жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, балдардын өнүгүүсү үчүн жаңы инновациялык ыкмалар менен жаңы муундагы мектептердин стандарттарын түзүүгө тийиш. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында билим берүү процессинин ар кандай формаларын түзүү үчүн шарттар түзүлүшү керек.
Билим берүү системасынын алдында алган билимдерин жана компетенцияларын иш жүзүндө колдоно билген, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу көндүмдөрүнө ээ, инклюзивдүүлүктү, гендердик теңдикти, маданий, этникалык жана саясий ар түрдүүлүктү түшүнгөн, улутту жана мамлекетти сактоого умтулган жаш муундарды тарбиялоо милдети турат.
Жаштар контингентинин санынын көбөйүшү билим берүү системасынын бардык деңгээли үчүн чакырыктарды аныктайт, мында тиешелүү инфраструктурага оорчулук кыйла көбөйөт, ошондой эле билим берүүгө чыгымдар жогорулайт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында билим берүүнүн ар бир баскычында шаар жана айыл калкынын, эркектер менен аялдардын арасында билим берүүнүн сапатынын төмөндөшү жана ажырымы байкалууда. Функционалдык сабаттуулуктун төмөндүгү миграциянын жогорку деңгээлине, жумушсуздукка жана жаштардын аялуулугуна өбөлгө түзүүдө.
Эмгек рыногу үчүн демографиялык чакырыктар. 2009-2022-жылдары Кыргыз Республикасында жумушчу күч 676,6 миң адамга көбөйгөн. Орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын эмгек рыногуна эмгекке жарамдуу жаштардын басымы жогорулайт. 2026-жылга чейин экономикалык активдүү калктын катарында азыркы учурда 10-14 жаштагы муундун өкүлдөрү кирет, алардын саны 793,0 миңге жакын адамды түзөт. Иш менен камсыз болгон жана эмгек рыногуна чыгууга потенциалдуу даяр болгон 15-23 жаштагы калктын саны болжол менен 1127,8 миң адамды түзөт.
2024-жылдан тартып 2027-жылга чейин эмгек рыногунан болжол менен 200 миңге жакын адамдын кетишине карабастан, жыл сайын кеминде 130 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү милдети турат. Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу калкынын өсүшү ички эмгек рыногуна жана жашоону камсыз кылуучу инфраструктурага басымды жаратат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жаш эмгекке жарамдуу калктын өсүшүнөн келип чыккан ички чакырыктарга жооп бере албайт.
Бул эмгек рыногун, ишке орноштуруу кызматын калыптандыруу, кесипке багыт берүү, даярдоо жана татыктуу жумуш орундарын түзүү саясатына карата олуттуу талаптарды коюуда. Эгерде эмгек рыногунда жумуш орундары тартыш болсо, татыктуу жумуш орундарын табуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, миграциялык маанайга жана башка жакка чыгууга өбөлгө түзөт.
Миграция демографиялык өнүгүү үчүн чакырык катары. Учурдагы социалдык, маданий, экономикалык, саясий, экологиялык кырдаалдын сакталышын эске алганда жана калктын табигый өсүшүнүн жогорку деңгээли сакталган шартта, жашоо деңгээли кыйла жогору өлкөлөргө тышкы миграциянын агымы уланат, мында калктын саны жана жумушчу күчү кыскарат. Мамлекет үчүн негизги чакырык - экономиканы өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кесипкөй кадрларды жоготуу болуп саналат. Тышкы эмгек миграциясынын көйгөйү ички эмгек рыногунда адамдын экономикалык, социалдык, маданий, психологиялык керектөөлөрүн камсыз кылууга татыктуу эмгек акы төлөө менен ички эмгек рыногунда квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана ишке орноштуруунун туруктуу системасын түзүүнү эске алуу менен чечилүүгө тийиш.
Саламаттык сактоо системасы үчүн демографиялык чакырыктар. Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо системасы үчүн демографиялык чакырыктар, биринчи кезекте калктын түзүмүнүн өзгөрүшү менен, атап айтканда - улуу муундагы калктын санынын өсүшү, төрөлүүнүн акырындык менен төмөндөшү жана жашоо узактыгынын күтүлгөн өсүшү менен байланыштуу болот. Калктын картаюусу менен орто жашка жана улгайган куракка мүнөздүү оорулардан улам өлүмдүн көбөйүү тенденциясы күчөйт. Жалпы өлүмдүн жана ымыркайлардын өлүмүнүн санынын азайганына карабастан, алар саламаттык сактоо системасы үчүн көйгөй бойдон калууда.
Келечекте ооруканаларга консультация алуу жана ооруканага жатуу үчүн келгендердин саны көбөйөт. Бул болсо врачтардын, медайымдардын жалпы жүктөмүнүн көбөйүшүнө алып келет. Мындан тышкары, региондордо тийиштүү инфраструктураны түзүү жана саламаттык сактоо мекемелерин жабдуу талап кылынат.
Коомдук саламаттык сактоо кан айлануу системасынын ооруларын, шишик ооруларын, дем алуу органдарынын ооруларын, тамак сиңирүү органдарынын ооруларын, ошондой эле тышкы себептерден келип чыккан оорулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурууга тийиш.
Оорулардын, өлүмдүн азайышы жана жашоо узактыгынын өсүшү калктын жан башына сарпталган мамлекеттик жана жеке чыгымдардын көбөйүшүнө түздөн-түз көз каранды болот.
Пенсиялык система жана социалдык коргоо системасы үчүн демографиялык чакырыктар. Кыргыз Республикасында улгайган калктын санынын жогорулашы, жашоо узактыгынын өсүшү жана төрөлүүнүн төмөндөшү менен пенсиялык системаны жаңы өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу талап кылынат.
Пенсия курагынын жогорулашы мамлекеттик финансы жана фискалдык туруктуулук үчүн оптималдуу стратегия болуп калышы мүмкүн. Бул бюджетке болгон оордукту азайтууга жана келечекте пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Улуу муундагы калктын санынын жана үлүшүнүн өсүшү социалдык коргоо системасынан медициналык-социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүнү, гериатриялык кызматты даярдоону, мамлекеттик жөлөкпулдардын жана акчалай компенсациялардын системасын өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү, жаңы социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды киргизүүнү талап кылат.
Калктын жаш курагынын түзүмүнүн өзгөрүүсү өлкөнүн бюджети үчүн финансылык чектөөлөрдү жаратат - пенсиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү. Социалдык коргоо системасы улуу муундагы калк үчүн пенсияларды, медициналык кызмат көрсөтүүнү жана башка чыгымдарды аныктоодо демографиялык жүктөмдү жана мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүн талдоону үйрөнүүгө тийиш.
Экосистемалар үчүн демографиялык чакырыктар. Калктын тез өсүшү жана топтолушу, анын ичинде ички миграциянын эсебинен Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалууда. Бул экологиялык кырдаалга, айыл чарбасына (азык-түлүк коопсуздугу), социалдык өнүгүүгө жана инфраструктурага коркунуч туудурат. Айлана-чөйрө туруктуу өнүгүүнүн балансын бузган олуттуу антропогендик таасирге дуушар болот.
Кыргыз Республикасынын ири шаарларынын айланасына калктын уюшулбаган топтолушу социалдык чыңалуунун өсүшүнө алып келет.
Калк жыш жайгашкан райондордун көйгөйлөрүн чечүү калкты урбанизациялоонун, натыйжалуу аймактык жана мейкиндиктиктик пландоонун, шаарларда, шаар четинде жана айылдарда кабаттуу имараттарды куруунун эсебинен ишке ашырылууга тийиш. Муну менен бирге бул заманбап шаар маданиятын калыптандырууга, өнүгүү шарттарын жана тийиштүү инфраструктураны түзүүгө милдеттендирет.
4. 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын максаттары, принциптери жана милдеттери
Демографиялык өнүгүү тенденцияларына, социалдык-экономикалык кырдаалга, тышкы жана ички факторлорго ылайык 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын максаттары, принциптери, милдеттери жана багыттары аныкталат.
Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатынын максаттары - бардык муундар үчүн татыктуу жашоону камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүү аркылуу өлкөнүн аймагында жашаган улутту сактоо жана көбөйтүү. Концепциянын максаттары демографиялык чакырыктарды эске алуу менен Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына жана коопсуздугуна жараша түзүлдү.
Демографиялык саясаттын максаттарына жетүү анын принциптери менен аныкталат, аларды мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлдеринде чечим кабыл алуучу адамдар жетекчиликке алууга тийиш:
- улутту өнүктүрүү аркылуу аны сактоо;
- адам укуктарын жана адамдын инсандык кадыр-баркын урматтоо жана коргоо;
- үй-бүлөнүн жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
- демографиялык саясаттын чараларынын инклюзивдүүлүгү жана калктын бардык топторунун укуктарын сактоо;
- жашоо чөйрөнүн коопсуздугу;
- демографиялык саясаттын чараларын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын улуттук стратегиялык документтеринин, программаларынын жана иш-аракеттеринин макулдашылгандыгы;
- административдик жана башкаруучулук же башка социалдык өзгөрүүлөргө карабастан демографиялык саясаттын чараларын аткаруу;
- өнүгүүнүн тышкы жана ички тенденцияларына ылайык демографиялык саясаттын ийкемдүүлүгү;
- демографиялык саясатты иштеп чыгууда илимий мамиле;
- демографиялык саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жарандардын, бизнестин, академиялык жана эксперттик коомдоштуктун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү жана координацияланган катышуусу;
- демографиялык саясатты ишке ашырууга комплекстүү мамиле.
Демографиялык саясаттын милдеттери саламаттык сактоо, билим берүү системасынын саясаты, үй-бүлө саясаты, эмгек рыногу жана эмгек ресурстарын өнүктүрүү, калктын миграциясы, аймактарды өнүктүрүүнү пландоо (региондук өнүктүрүү), жарандык иденттүүлүк саясаты, улуттук коопсуздук менен тыгыз байланышта.
Алдыга коюлган максаттарды жана белгиленген принциптерди эске алуу менен демографиялык саясаттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча калктын санынын өсүшүн сактоо жана чек арага жакын аймактарда калктын санынын азайышына жол бербөө;
- узак мөөнөттүү мезгилде бир аялга 2,15 баладан кем эмес төрөлүү деңгээлин сактоо;
- бактылуу жана дени сак эне жана бала үчүн үй-бүлөнү пландоо;
- 2040-жылга карата калктын 79 жашка чейинки жашоо узактыгына жетүү;
- эмгекке жарамдуу курактагы калктын өлүмүн азайтуу;
- оорунун негизги түрлөрүнөн жана тышкы себептерден өлүмдү азайтуу;
- энелердин өлүмүнүн деңгээлин азайтуу - 100 миң тирүү төрөлгөнгө 30дан ашык эмес өлүм, наристелердин өлүмү - 1000 төрөлгөнгө 13 учурдан көп эмес;
- балдардын өлүмүнүн деңгээлин азайтуу - 1000 төрөлгөнгө 16,7 учурдан көп эмес;
- калктын ден соолугун жакшыртууга жана жашоонун узактыгын жогорулатууга өбөлгө түзө турган калктын билим деңгээлин жогорулатуу (сергек жашоо образын жайылтуу);
- калктын бардык муундарынын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын кармануу боюнча шарттарды түзүү;
- демографиялык дивидендди алуу максатында адамдык капиталды өстүрүү жана жаштарды ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- улгайган адамдарга карата активдүү узак жашоо саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу;
- өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган көп маданияттуу (этностор аралык жана диний) мейкиндикти бекемдөө;
- этникалык келип чыгуусуна жана динине карабастан жарандык иденттүүлүктүн негизинде өлкөнүн бардык жарандарынын жарандык тең укуктуулугун жана толук кандуу интеграциясын камсыз кылуу;
- үй-бүлөлүк мамилелерди жана муундар ортосундагы байланыштарды чыңдоо;
- калктын тышка чыгуу агымын кыскартууга багытталган миграциялык тенденцияларды өзгөртүү жана эмгек миграциясынын потенциалын өлкөнү өнүктүрүү үчүн пайдалануу.
5. Концепцияны ишке ашыруу чаралары
Кыргыз Республикасынын алдында учурдагы демографиялык кырдаалдын өзгөчөлүктөрү жана 2040-жылга чейин калктын болжолдуу баалоолору менен шартталган конкреттүү чакырыктарга жоопторду табуу милдети турат.
Сапаттуу билим берүү өсүү жана өнүгүү булагы катары. Социалдык-экономикалык системаны, башкаруу системасын өнүктүрүүнүн демографиялык факторлорун талдоо мамлекетти өнүктүрүүдө жана адамдык капиталды калыптандырууда эң негизги ролду билим берүү системасы ойной тургандыгын көрсөтөт. Демографиялык процесстерде билим берүүнүн ролу калктын санынын динамикасын аныктаган төрөлүүнүн, өлүмдүн жана миграциянын өзгөрүшүндө көрүнөт. Бул өзгөрүүлөрдүн негизги инструменти болуп өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө жалпы көз караштар жана баалуулуктар системасын курууга мүмкүндүк берген билим болушу керек.
Концепция адамдын жашоо турмушуна, мамлекеттин жана коомдун жашоосуна сапаттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш болгон системаны түзүүчү процесс катары билим берүүгө таянат. Кеп билим берүү процессинин салттуу формалары жөнүндө гана болгон жок, билим берүүнү маданий, тарбиялык, адеп-ахлактык форматтардын контекстинде кароо сунушталат. Демографиялык саясаттын чаралары ден соолукту сактоо, энени жана баланы коргоо, үй-бүлөнү пландоо, үй-бүлө мамилелерин чыңдоо, этностор аралык мамилелерди чыңдоо ж.б. тармактарда билимдүүлүк деңгээлин жогорулатууга багытталышы керек.
Кыска жана орто мөөнөттүү мезгилде мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектепке системалуу колдоо көрсөтүү, анын ичинде аларды сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо милдети турат. Заманбап өнүгүү тенденцияларына ылайык балдардын эрте өнүгүүсүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүк маселесин чечүү зарыл.
Реформалардын багыттары ар бир адамга өзүнүн интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүүгө, "soft skills" ("ийкемдүү көндүмдөрдү") калыптандырууга, сергек жана коопсуз жашоо образын карманууга үйрөтүүгө тийиш. ЖОЖдо окутуу системасында калктын билим алуусу кесиптик көндүмдөрдү алууга гана мүмкүндүк бербестен, ошону менен бирге адамдын көнгөн адаттарына да таасирин тийгизет, бул болсо жыйынтыгында жашоонун узактыгын жогорулатууга, улгайган куракта активдүү жашоону узартууга өбөлгө түзөт.
Муундардын ден соолук маселелери. Энелердин билим деңгээлинин төмөндүгү, айыл жериндеги медицинанын канааттандырарлык эмес деңгээли, жакырчылык балдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө таасирин тийгизүүчү факторлордон болууда.
Энелердин өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү үчүн мамлекет каржылоону медициналык уюмдардын инфраструктурасын бекемдөөгө, медициналык мекемелердин, анын ичинде ФАПтын штаттык санын комплекттөөгө, аялдардын төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки абалын кароого, төрөт учурунда квалификациялык жардам көрсөтүүгө, аялдарды ташууга (санитардык транспорт, күйүүчү-майлоочу каражаттар жана башкалар) жумшоого, кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн медициналык жардамды жеткиликтүү жана сапаттуу кылууга тийиш.
Мамлекеттин алдында семирүүнүн жайылышын алдын алууга багытталган туура жана сергек тамактануу маданиятын киргизүү милдети турат.
Балдардын өнөкөт же мезгил-мезгили менен жетишсиз тамактануусу боюнун кыска болушуна жана салмагынын жетишсиздигине алып келет. Балдардын тамак-ашы жана аны микроэлементтер менен байытуу боюнча программалар күчөтүлүшү керек. Ушуга байланыштуу алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдарды тартуу зарыл.
Өлкөдө ар бир үчүнчү тургун 15 жашка чейинкилер экенин эске алсак, ооруларды алдын алуу жана жаш муундардын ден соолугун чыңдоо чараларын инвестициялоо милдети турат. Стратегиялык келечекте аталган чаралар адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана улгайган курактагы жашоонун сапатын камсыз кылууга оң таасирин тийгизет.
2040-жылга карата улуу муундардын үлүшүнүн өсүшү улуу муундагы калкты тейлеген секторлорго жүктөмдүн жогорулашына алып келет. Тейлөөчү персоналдын, социалдык жана медициналык кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талап күчөйт, ооруканаларда жана карылар үйлөрүндө кошумча койко-орундар талап кылынат. Эмгекке жарамдуу курактан улуу болгон адамдардын үлүшүнүн өсүшү менен оорулардын себептери боюнча ооруга чалдыгуу түзүмү өзгөрөт, бул улгайган курактагы адамдарга медициналык жана социалдык жардамдын сапатын жакшыртууну талап кылат.
Кыргыз Республикасында бардык өлүм учурларынын 70 пайызына себепкер болгон инфекциялык эмес оорулардан өлүмдөрдү, ошондой эле ден соолукка зыян келтирүүчү тобокелдик факторлорун азайтуу максатында тамеки, алкоголь жана калориясы жогору болгон тамак-аштар сыяктуу зыяндуу продуктуларды сатуу жана жарнамалоо чөйрөсүндө катуу экономикалык жана административдик жөнгө салууну киргизүү зарыл. Коомдук аң-сезимге жагымдуулугун жана тийгизген таасирин азайтуу үчүн өзгөчө балдарга жана өспүрүмдөргө карата зыяндуу продуктуларды жарнамалоого чектөөлөрдү киргизүү зарыл. Мындай чаралар оорулардын азайышына жана инфекциялык эмес оорулардан өлгөндөрдүн санынын кыскарышына, ошондой эле жалпы калктын саламаттыгын жакшыртууга жардам берет.
Эрте өлүмдүн деңгээлин жана сергек жашоонун орточо узактыгын баалоо эмгекке жарамдуу курактагы өлүмдү азайтуунун келечеги тууралуу так түшүнүк берет. Саламаттык сактоо жаатындагы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналган калктын эрте өлүмүнө жол бербөө үчүн сергек жашоо образына жана жол-транспорт кырсыктарын азайтууга багытталган профилактикалык программаларды күчөтүү, алкоголдук жана тамеки азыктарын сатып алууга жаш чегин 18 жаштан 20-21 жашка чейин көтөрүү, алкоголго жана тамекиге акциздик салыктарды көбөйтүү. Бул өлүмдү азайтууга жана калктын өмүрүнүн узактыгын жогорулатууга дароо таасирин тийгизет.
Ар бир бала каалоо менен төрөлөт/ар бир баланын төрөлүшү маанилүү. Мамлекет балдардын коомдогу абалы үчүн жоопкерчилик тартат, бул балдарды өнүктүрүү жана укугун коргоо үчүн максималдуу шарттарды түзүү менен алардын кызыкчылыктарын жактайт дегенди билдирет. Балдардын үй-бүлөдө пайда болушу ата-энелер үчүн балдарга талаптагыдай жашоо жана өнүгүү деңгээлин камсыз кылуучу жооптуу жана керектүү кадам болушу керек.
Учурдагы медициналык жана билим берүү инфраструктурасы жана кадрлар менен камсыз кылуу эненин жана баланын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча потенциалды өстүрүүгө тийиш. Бул багыттардын айланасында адекваттуу медициналык жана социалдык инфраструктураны түзүү, тийиштүү социалдык жана медициналык кызматкерлерди коштоо жана даярдоо талап кылынат. Мамлекет балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоону улантууга жана балдардын жашына жана санына жараша финансылык жана кошумча жардамдын ар кандай моделдерин колдонууга тийиш.
Төрөлүү жаатындагы демографиялык саясаттын чаралары баштапкы медициналык жардам системасын өнүктүрүүгө, жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөө аркылуу энелерди коргоону жакшыртууга, пренаталдык/антенаталдык, перинаталдык, неонаталдык саламаттык сактоо багыттарын чыңдоо аркылуу ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтууга, айрыкча региондордо үй-бүлөнү пландоого, ошондой эле балдардын арасында оорунун алдын алууну камсыз кылууга багытталууга тийиш.
Балдарды активдүү жана сергек жашоо образына тартуу максатында социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдүн (күндүзгү же убактылуу туруу объекттери), медициналык-реабилитациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү талап кылынат.
Татыктуу карылык. Улгайган калктын санынын көбөйүшү пенсиялык системага жана социалдык коргоого күч келтирет. Ушуга байланыштуу тийиштүү министрликтер жана ведомстволор республиканын улгайган калкынын санынын сөзсүз өсүшүнө карата социалдык коргоо системасын, пенсиялык системаны, саламаттык сактоо системасын ыңгайлаштыруу үчүн жаңы инструменттерди иштеп чыгуусу зарыл.
Улгайган калктын санынын өсүшү мамлекеттик органдарга улгайган адамдардын күнүмдүк ишин кадимкидей жүргүзүү үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу боюнча өзгөчө талаптарды коюуда: колдон келишинче ишке орношуу, бош убакытты өткөрүү, активдүү узак жашоо жана татыктуу жашоо образынын программаларын иштеп чыгуу. Мамлекеттик органдар тарабынан улгайган адамдарды эмгекке тартуу, коомдук турмушка катышуу, өз алдынча жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү (өзүн-өзү тейлөө) сыяктуу багыттар боюнча чараларды иштеп чыгуу талап кылынат.
Улгайган калкка алардын физикалык жана психоэмоционалдык ден соолугунун оптималдуу деңгээлин сактоого багытталган медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле аларга тийиштүү деңгээлде кам көрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде геронтологиялык кызматтарды көрсөтүү талап кылынат.
Сапаттуу кызматтарды көрсөтүү жана улгайган адамдардын муктаждыктарын толук камтуу максатында алдынкы практикаларды киргизүү үчүн профилдик эл аралык уюмдарды тартуу максатка ылайыктуу.
Эмгек рыногу. Жакынкы келечекте Кыргыз Республикасында ишке жөндөмдүү курактагы калктын санынын сөзсүз өсүшү күтүлөт, бул жаңы жумуш орундарын түзүү муктаждыктарынын өсүшү менен коштолот. Байкалган процесстер ишке орноштуруу кызматына, кесиптик багыт берүүгө, пенсиялык системаны өнүктүрүүгө олуттуу талаптарды коёт.
Орто мөөнөттүү мезгилде туруктуу экономикалык өсүш калкты эң көп иш менен камсыз кылуучу секторлор (айыл чарбасы, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, кызмат көрсөтүү сектору, ТКЧ, туризм, курулуш) менен камсыз кылынат. Кесиптик-техникалык билим берүү системасын жаңылоо, келечектин компетенцияларын жана көндүмдөрүн түзүү алгоритмин иштеп чыгуу аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана кадрларды даярдоого болгон мамилени кайра карап чыгуу зарыл.
Инвестициялар жана технологиялар менен бирге өзүнүн эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу жана тартуу менен гана өлкөнүн олуттуу экономикалык өсүшү камсыз кылынат. Мунун натыйжасында жакынкы он жылда өлкөнүн бардык региондорунда иш менен камсыз кылуу жана туруктуу кирешелер менен камсыз кылуучу татыктуу өндүрүштүк жумуш орундарын түзүү, эмгекке жарамдуу калкты өтө көп топтогон ири өндүрүштөрдү түзүү үчүн инвестицияларды тартуу, калктын өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусуна дем берүү жана өндүрүлгөн продукциянын сатуу рынокторун кеңейтүү милдети турат.
Ошентип, кеп өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык моделин трансформациялоо жөнүндө жүрүп жатат, ал калкты иш менен камсыз кылууга өсүп жаткан муктаждыгын камсыздоо жана демографиялык дивидендди пайдалануу зарылчылыгынан келип чыгат. Негизги социалдык-экономикалык багыттар иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук көрсөткүчтөрү болууга тийиш. Аталган мамиленин карамагында макроэкономикалык, социалдык саясат, иш менен камсыз кылуу саясаты, эмгек рыногу жана профсоюздук иш болууга тийиш.
Калктын санынын өсүшү, аны ички жана тышкы эмгек рынокторунда иш менен камсыз кылуу зарылдыгы менен шарттарды жана институцияларды түзүү жагынан бул процессти мамлекеттик жөнгө салуу келип чыгууда. Эмгек рыногун, иш менен камсыз кылуунун жана алардын өзгөрүшүнүн келечектеги өнүгүшү жагынан узак мөөнөттүү концептуалдык документте чагылдырылышы мүмкүн.
Үй-бүлөнүн бакубаттуулугу. Кыргыз Республикасында демографиялык саясаттын артыкчылыгы үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн коопсуздугу жана ден соолугу, салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоо жана муундар аралык мамилелерди колдоо болууга тийиш. Үй-бүлөдө жашаган адам тышкы чөйрөнүн таасирине бир кыйла чыдамдуу болот, жалгыз бой адамдардан айырмаланып, узак өмүр сүрөт.
Үй-бүлө саясатын ишке ашырууда үй-бүлөнүн бакубаттуулугу үчүн шарттарды түзүү, балдар, жаштар жана улгайган адамдар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү, балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана аларды татыктуу тарбиялоону камсыз кылуу зарыл.
Коомдук аң-сезимде үй-бүлөдөгү жана коомдогу гендердик теңсиздикти бекемдеген стереотиптик түшүнүктөр кеңири жайылган. Коом жана соттор үй-бүлөлүк зомбулук, басмырлоочу нике көрүнүштөрү (эрте никеге туруу, мажбурлап никеге туруу, көп аял алуу), сексуалдык зомбулук сыяктуу зомбулуктун мындай кеңири жайылган түрлөрүнө чыдабоого тийиш.
Үй-бүлө мамилелерин чыңдоо боюнча чаралар балдарга, аялдарга, улгайган адамдарга, майып адамдарга карата зомбулуктун алдын алууга байланыштуу болууга тийиш. Мажбурлап никеге туруу, анын ичинде эрте никеге туруу, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кутула алгыс жана катаал жаза керек.
Зомбулук жасаган адамдардын катаал жаза ала тургандыгы аларды токтотуучу фактор болууга тийиш. Балдарга зомбулук жасагандарга карата жаза жана чаралар коомдук укуктун алкагында каралууга тийиш жана жеке адамдардын макулдугу менен өзгөртүлбөйт.
Балдардын жана улгайган адамдардын укуктарын коргоо максатында адистештирилген системаны түзүү жана балдардын жана улгайган калктын укуктарын камсыз кылуучу, алардын укуктарынын бузулушун алдын алуучу жергиликтүү деңгээлдеги институттарды өнүктүрүүнү кароо зарыл.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга адистештирилбеген социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин чечүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу, жергиликтүү коомдоштуктардын базасында мамлекеттик бала бакчага альтернативдүү модель катары бала бакчаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Үй-бүлөнү жана үй-бүлөлүк мамилелерди андан ары туруктуу өнүктүрүү жана бекемдөө максатында демографиялык, маданий, экономикалык жана жүрүм-турум тенденцияларын эске алуу менен үй-бүлө саясатынын негизги багыттарын аныктоо зарыл.
Кыргыз жараны. Калктын биримдигин жана этностор аралык мамилени бекемдөө аркылуу бирдиктүү мамлекетти түзүү максатында Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны - жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн концепциясына ылайык пландуу иштер жүргүзүлүүгө тийиш. Элдин биримдигине дем берүүгө жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү системасынын, илимдин, медиа-ресурстардын, искусствонун, маданияттын, спорттун жана башка чөйрөлөрдүн болгон потенциалын пайдалануу зарыл.
Тарыхый жалпылыктын, аймактык таандыктын жана мамлекеттик тилдин негизинде улуттук куруу процесси жарандардын иденттүүлүгү жана өз өлкөсү менен сыймыктануусу менен бириктирилген ачык коомду калыптандыруу аркылуу камсыз кылынууга тийиш.
Диний фактордун таасиринин күчөшү менен мамлекеттик деңгээлде улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо, коом куруунун светтик мүнөзүнө шайкеш келген жана өнүгүүнүн заманбап тенденцияларын кабыл алган динди түшүнүүнүн жеке улуттук моделин иштеп чыгуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын алдында этникалык көп түрдүүлүктү камтыган бирдиктүү улуттук маданиятка негизделген көп этностуу жана көп конфессиялуу мамлекеттин моделин сактап калуу милдети турат. Бул модель улуттун натыйжалуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү болууга тийиш.
Улуттук жана эл аралык тилдерди билүү жергиликтүү жана дүйнөлүк маданиятка, мейкиндикке интеграциялоо үчүн түрткү болгондо, улуттук тил саясатын ишке ашыруу боюнча жаңы мамилени иштеп чыгуу зарыл. Социалдык институттар катары билим берүү, маданият жана илим, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коммуникациялар жарандык улуттун калыптанышына өзүнүн салымын кошууга, Кыргыз Республикасынын элинин бай маданий мурасына негизделген баалуулуктарды жана социалдык тажрыйбаны чагылдырууга тийиш.
Этникалык топтордун ортосунда жана коңшу мамлекеттер менен биригүү процесстери региондо эң ыңгайлуу жайгашкан жер катары Ош шаарындагы региондук борбордун базасында түзүлүшү мүмкүн. Бул Ош шаарынын өнүгүү парадигмасын өзгөртүү концепциясын ишке ашырууну талап кылат:
- Ош шаарын ар түрдүү этникалык топтор, маданияттар жана диндер аралашкан региондук өнүктүрүү борбору катары кайра форматтоо, Борбордук Азиянын соода жолдорун кошуу;
- дүйнөлүк диндердин философиялык негиздерин изилдөөчү диний академиялык борборду ачуу;
- калкты, зыяратчыларды, туристтерди, студенттерди тартуу борборлору болууга тийиш болгон тарыхый, маданий, билим берүү долбоорлорун түзүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын натыйжалуу инструменти катары чыгуучу көп максаттуу маалыматтык каналды түзүү.
Үй-бүлө институтун чыңдоо жана үй-бүлөлүк мамилелердин руханий-адеп-ахлактык салттарын сактоо. Үй-бүлө институтун чыңдоо, руханий-адеп-ахлактык салттарды кайра жандандыруу, ошондой эле коомду бириктирүүгө жана үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты комплекстүү колдоого багытталган чараларды ишке ашыруу коомдун жашоо жөндөмдүүлүгүн жана биздин мамлекеттин бүтүндүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш.
Үй-бүлө институтун чыңдоо жана үй-бүлөлүк мамилелердин руханий-адеп-ахлактык салттарын сактоо боюнча негизги багыттар төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде инсандын руханий-адеп-ахлактык сапаттарын калыптандыруу, жаштардын мекенге болгон патриоттук мамилесин, жарандык милдетин жана жоопкерчилигин өнүктүрүү;
2) үй-бүлөнүн, социалдык түзүмдөрдүн, маданият мекемелеринин жана диний мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга багытталган руханий-агартуу борборлорунун системасын өнүктүрүү;
3) балдардын жана жаштардын, чоңдордун руханий жана физикалык ден соолугун бузууга өбөлгө түзүүчү тоталитардык жана деструктивдүү секталардын жана культтардын ишине каршы аракеттенүү;
4) үй-бүлөлүк мамилелердин руханий-адеп-ахлактык салттарын кайра жандандыруу жана сактоо, никеге туруу багытын калыптандыруу, үй-бүлөнүн тарыхый улуттук салттарын кайра жандандыруу;
5) калкты руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо көйгөйлөрү менен алектенген адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү.
Калктын миграциясы. Эмиграциянын учурдагы көлөмдөрүндө Кыргыз Республикасы калкты/эмгек ресурстары жана аны пайдалануудан алынган экономикалык пайданы кайтарымсыз жоготууда, ошондой эле калк сейрек жайгашкан региондордон жана чек арага жакын райондордон экономикалык шарты жакшы борборлорго калктын активдүү көчүп кетүүсү уланууда.
Орто мөөнөттүү мезгилде тышкы эмгек миграциясына байланышкан кырдаалды кескин өзгөртүү зарыл. Кырдаалды өзгөртүүнүн негиз салуучу фактору калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык-маданий муктаждыктарын канааттандыруу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын муктаждыктарына ылайык кадрларды даярдоого, иш менен камсыз кылууга, сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө жана калкка татыктуу эмгек акы берүүгө багытталган жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ошентип саясат экономикалык жана маданий миграцияны азайтууга, узак мөөнөттүү мезгилде калктын миграциялык маанайын төмөндөтүүгө багытталууга тийиш.
Эмгек миграциясынын жана ички эмгек рыногунда ишке орноштуруу көйгөйү кыска жана орто мөөнөттүү мезгилде чечилбегендиктен, атайын орто билим берүү системасын ички, анын ичинде чет өлкөлүк эмгек рыногунун орто жана узак мөөнөттүү муктаждыктарына жараша модернизациялоо зарыл.
Өлкөнүн өнүгүүсүндө сапаттуу аракет жасоо үчүн негизди түзүү максатында Кыргыз Республикасы социалдык, билим берүү, инновациялык жана экономикалык потенциалды өстүрүү үчүн чет өлкөлөрдөн жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартууга кызыкдар болууга тийиш.
Коңшу мамлекеттер тарабынан жайылып жаткан миграцияны болтурбоо максатында айрым чек арага жакын райондордун аймактарынан жергиликтүү калктын кетүүсүн болтурбоо үчүн аларга өз жөндөмдөрүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн берүү менен шарттарды түзүү зарыл.
Региондорду өнүктүрүү жана ички миграция. Кыргыз Республикасынын региондук саясаты өсүү түйүндөрүн белгилейт, мында жергиликтүү мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен адистештирилген өндүрүштү өнүктүрүү болжолдонууда. Ички миграциядан улам кичи шаарлардын жана айылдардын калкынын чоң шаарларга көчүүсү көбөйөт. Бул процесстер турак жай-коммуналдык чарбага, транспорттук жана социалдык инфраструктурага жүктөмдүн көбөйүшүнө алып келет. Антропогендик зоналардын өсүшү айлана-чөйрөгө да басымды көбөйтөт.
Бул үчүн эмгек ресурстарын аймактык бөлүштүрүү, жер-жерлерде өндүрүш кубаттуулуктарын түзүү, технологияларды, билимди, инвестицияларды тартуу, билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерин өнүктүрүү жана миграциялык маанайды турукташтыруу, калкты ичүүчү суу жана канализация менен камсыздоо аркылуу республиканын региондорунан миграциялык агымды кыскартуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
Тийиштүү квалификациядагы башкаруучу, педагогикалык жана медициналык кадрлардын зарыл болгон санын аныктоо менен республиканын региондорунун кадрлар менен камсыздалышын "инвентаризациялоо", ошондой эле мындай кадрларга болгон муктаждыкты аныктоочу эсептөө системасын иштеп чыгуу биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Экинчи этап калктын жашоо чөйрөсүн жакшыртууну, алардын жашоосунун татыктуу деңгээлине жана сапатына жетүүнү камсыздоочу региондордун экономикалык жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү процессин ишке киргизүү болуп эсептелет. Мындан тышкары жергиликтүү сырьену кайра иштетүү жана ар түрдүү кызматтарды көрсөтүү боюнча чакан ишканаларды жана цехтерди уюштурууга жеңилдетилген кредиттердин программасын иштеп чыгуу талап кылынат.
6. 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын демографиялык саясатын ишке ашыруу механизмдери
Өнүгүүнүн заманбап процесстери мамлекеттин, конкреттүү түрдө анын өнүгүшү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган адамдардын негизги милдети - улутту жана аймактык бүтүндүктү сактоо экендигин күбөлөндүрөт. Улутту төмөнкүлөр аркылуу сактоого болот:
1) коопсуздукту камсыз кылуу;
2) ресурстук камсыз кылуу;
3) өнүгүүнү камсыз кылуу.
Тиешелүү долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүү аркылуу бул процесстин бүтүндүгүн башкаруу системасын уюштуруу коюлган милдеттерге жетүүнүн жана колдоонун ажырагыс компоненти болуп саналат.
Кыргыз Республикасында демографиялык саясатты ишке ашыруу анын негизги максаттарына баш иет жана билим берүү, медициналык, социалдык, экологиялык жана экономикалык шарттарды эске алуу менен комплекстүү мамилени талап кылат:
- демография чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;
- демографиялык саясатты ишке ашыруунун максаттуу индикаторлорун иштеп чыгуу;
- билим берүү, саламаттык сактоо, ишке орноштуруу, миграция, үй-бүлөлүк мамилелер, региондорду өнүктүрүү, жарандык иденттүүлүк, социалдык камсыздоо ж.б. маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- демографиялык саясаттын коюлган максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен тармактык жана ведомстволук программалык документтерге (стратегияларга) өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- демографиялык саясаттын чараларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу;
- коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган башкарууну санариптештирүү;
- демографиялык жана окшош процесстерди изилдөөгө багытталган академиялык жана аналитикалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү.
Концепцияны практикалык ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды жана алардын аткаруу мөөнөтүн караган иш-чаралар планы бекитилет.
Концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча пландарды ишке ашыруу процессин координациялоо демографиялык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн демографиялык саясат боюнча консультациялык-кеңешүүчү органга жүктөлөт.
7. Демографиялык саясатты ишке ашырууну финансылык камсыздоо
Демографиялык саясатты жалпы колдоого багытталган чараларды ишке ашыруу ресурстарын оптималдаштыруу шартында бюджеттик каржылоо даректүү мүнөздө болот жана биринчи кезекте жашоонун узактыгын көбөйтүүгө, ошондой эле адамдын жашоосундагы жана коомдун турмушундагы сапаттуу өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүүчү иш-чараларга багытталат.
Концепциянын финансылык чыгымдарды талап кылуучу иш-чаралар планын ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген бюджеттеринин чегинде камсыз кылынат.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун институттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын каражаттары каржылоонун кошумча булактары болушу мүмкүн.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө демографиялык саясаттын коюлган милдеттери жана чаралары эске алынууга тийиш.
Мындан тышкары демографиялык саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар - саламаттык сактоо, билим берүү, региондук өнүктүрүү ж.б. программалар аркылуу каржыланат.
8. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепциянын иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн кырдаалды объективдүү баалоого жана адекваттуу жана өз убагындагы чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү индикаторлор системасын иштеп чыгуу пландалууда.
Концепциянын иш-чаралар планынын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо демография жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү аткарат:
- Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетүүнү баалоо индикаторлорун иштеп чыгуу;
- демографиялык саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;
- Концепцияда тармактык мамлекеттик органдарга коюлган милдеттерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
Концепцияны ишке ашыруу прогресси жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу демографиялык саясат боюнча консультациялык-кеңешүүчү органда талкууланат. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары ишке тартылган бардык катышуучулар, кызыкдар топтор жана айрым жарандар үчүн жеткиликтүү болот.