Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-июну № 330
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө” Жарлыгынын 2, 3-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
11 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | 217 | 42 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 85 | 29 |
| аймактык бөлүмдөрү | 121 | 11 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 11 | 2 |
";
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:"
9 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик | 56 | 11 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 37 | 7 |
| аймактык бөлүмдөрү | 6 | 3 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 13 | 1 |
";
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
– 23-пунктта “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы,” деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 232-пункт менен толукталсын:
"
232 | Национальное агентство по делам религий и межэтнических отношений при Президенте Кыргызской Республики | 3 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |