Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылынын 26-февралы №4/10
«Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө»
Айры-Там айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамынын негизинде, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын Жарандык коргонуу комиссияларында кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө, М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Айры-Там айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 1 000 000(бир миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн;
2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековго, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |