Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 47
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы МСО участкасындагы 7,5 га жана Самат Сыдыков көчөсүндөгү 4,36 га жер аянттарына мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуучу көп кабаттуу үйлөрдүн эскиздик башкы планына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу” жөнүндөгү №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 28-мартындагы №01-12/1402 катына, Баткен шаардык Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы МСО участкасындагы 7,5 га жана Самат Сыдыков көчөсүндөгү 4,36 га жер аянттарына мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуучу көп кабаттуу үйлөрдүн эскиздик башкы планына макулдук берилсин.
(эскиздик план тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |