Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 9-апрели № 49

 Баткен шаарынын башкы планына макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын            3-апрелдеги №01-12/1543 каты менен сунушталган  «Баткен шаарынын 2040-жылдарга карата даярдалган башкы планынын долбоору», Баткен шаардык Кенешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын  2025-жылдын 4-апрелиндеги корутундусуна ылайык   Баткен шаардык Кеңешинин    VIII чакырылышынын кезектеги  V сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын  2040-жылдарга жасалган башкы планынын учурдагы аймагына макулдук берилсин. (башкы пландын масштабдык долбоору тиркелет)

2.Баткен шаарынын башкы планы бекитилгендиги шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши,  транспорт  жана коммуналдык чарба,  муниципалдык менчик,  таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/  тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов