Редакцияот 15.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2025-жылы 15-апрели № 36

 Алтын-Бешик айыл аймагында үй- бүлөлүк  салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу,аны эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнүн  тартиби жөнүндө.

   Кыргыз Республикасынын Прездентинин  2022-жылдын 24-февралындагы №54  “Кыргыз Республикасынын  үй-бүлөлүк  салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча  чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана айылдык Кеңешинин Социалдык иштер баюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  К.Сайданованын  баяндамасын угуп,жана талкуулап  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Токтом кылат:

1. Алтын-Бешик айыл аймагында үй-бүлөлүк  салтанаттарды  жана маркумдуакыркы сапарга узатуу эскерүү жана үрп- адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө айыл  өкмөтү тарабынан иштелип чыккан типтүү жобо сессияда айтылган пикирлерди эске алуу менен  бекитилсин (типтүү жобо тиркелет).

2.Ушул токтомдун  ишке ашыруу максатында  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн    ар  бир айылда комиссия түзүлсүн , комиссиянын курамына аксакалдар сотунан,аялдар кеңешинен айылдык имамдары мүчө  болуп дайындалсын  элдерге түшүндүрүү иштери жүргүсүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго жана айылдык кеңешинин  депутаты Социалдык маданий маселелер  боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Ысманавага   милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова

 

 

 

 

 

 Алтын-Бешик айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын № 36 токтомуна

                                             Тиркеме №1

 

ЖОБОСУ:

  1. Үйлѳнүү той.

- Кыздын колун суроодо бата тойго эки тараптуу ата-энелер гана сүйлѳшүп кудалашуу, ашыкча адам алып барылбасын;

- Үйлѳнүү тойдо нан тартууну токтотулсун;

- Кудаларга гана жеңил сарпай кийгизилсин, (эки тараптуу ата-энелердин макулдашуусуна ылайык кѳйнѳк, жоолук, калпак, сырткы кийим);

- Келинге, күйѳѳ балага, кудаларга килем салуу токтотулсун;

- Кыз кѳрдү, күйѳѳ чакырды мааракелерде ашыкча мал союлбасын;

- Кыздын калыңы 200 000 (эки жүз миң) сом, 5 майда жандык, 50 кг гүрүч, 200 кг пахта берилсин;

- Куда сыйга эки тараптан келген коноктордун саны 30 дан ашпасын;

- Дастарконго спирттик ичимдиктер коюлбасын;

- Күйѳѳ баланы тосууда килем себет берүү токтосун;

- Той үлпѳтүн ѳткѳрүүдѳ кафе ресторандарда адамдардын саны 200 дѳн ашпасын;

- Конок берүү 4 тѳн ашпасын;

- ЗАГСка бир жеңил машине, бир спринтер гана уюштурулсун;

- ЗАГСка чыккан жаштарды кафелерде сыйлоону токтотсун;

- Кудаларды сыйлоодо кошумча себет тартууну токтотсун.

2. Сүннѳт той.

- Адияны берүүчүлѳргѳ ѳзүнчѳ мал союп сыйланбасын;

- Сүннѳт той ѳткѳрүүдѳ бир бодо мал союлсун;

- Дастарконго нан коюлуп, ар бирине нан тартуу токтотулсун;

- Сарпайлар жеңил түрдѳ кийгизилсин (сүннѳткѳ отургузулган балага, ата-эненсине гана);

- Конок берүү жетиден ашпасын;

- Пенсия жашынан ашкан гана аксакалдарга нан чачылысы менен берилсин;

- Мүмкүн болсо эки куда тарап себеттин жана кийинүү чыгымдарын базарга барбастан акчалай жардам кылууну сүлѳшсүн.

 3. Бешик той.

- Бешик берүүдѳ жаңы тѳрѳлгѳн балага ата-энесине гана жеңил түрдѳ кийим кече берилсин;

- Бешик берүүчү тарап 10дон ашык адам алып барбасын ( бешик, килем, кѳрпѳ, коляска, кийим ушулар гана барылсын ).

4. Акыйка (Жентек той).

- Кыз бала тѳрѳлсѳ бир кой, уул бала тѳрѳлсѳ эки койдон ашпаган мал союлсун;

- Жаңы тѳрѳлгѳн баланы баланы тѳрѳтканадан шаан шѳкѳтсүз чыгарылсын.

5. Маркумду узатуу.

- Маркумду узатууда 3 күн аза күтүлгѳн жерде мал союлбасын;

- Алыстан келген мыймандарга кошуналардын үйүндѳ жеңил түрдѳ тамак берилип, 20 кг дан ашпаган эт менен узатылсын;

- Аза күтүлгѳн жерде маркумдун туугандарына тон жабуу белбоо байлоо, кездеме берүүлѳр токтотулсун;

- пайшембилик ѳткѳрүүдѳ ар ким ѳздѳрү гана дуа кылсын (маалани чакырбай);

- Маркумдун кыздарын узатуу кудайысында сарпай кылынбай , себет тартылбай кудайылары ѳткѳрүлсүн.

6. Ажы – умра тойлор.

- Ажыдан келген эркектерге тон жабуу, аялдарга кѳйнѳк берүү ж.б. кийим кече кийгизүү токтотулсун;

- Ажы тойго келген конокторго замзам суу менен ооз тийгизүү менен чектелсин;

- Ажы тойдо таспи, топу, жайнамаз белектер берилбесин.

7. Даталуу майрамдар.

- Мектептеги бала-бакчалардагы акыркы коңгуроо, даталуу күндѳрү мугалимдерге ж. б. негизсиз иш-чараларга акча чогултуу токтотулсун;

- Орто мектептин окуучуларына кечки саат 20:00 дѳн кийин ар кандай салтанаттарды ѳткѳрүүгѳ тыюу салынсын;

- Студенттер тарабынан ѳткѳрүлүүчү шеринелер шаан-шѳкѳтсүз айылдарда бакыр-чакырга алдырбай кечки 20:00гѳ чейин ѳткѳрүлсүн.

- Айылдарда айт майрамдары маркумдун айттыгын ѳткѳрүү боюнча тартиптүү, жыйнактуу болуу үчүн Кыштут айылынын тажрыйбасын эске алуу менен мечиттерде ѳткѳрүлсүн.